БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2016-жылдын 20-сентябры № 128

"Бишкек шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинин кирешелер башкармалыгы" мекемесин түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Борбордун статусу жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдарга, ошондой эле Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 20-майындагы № 126 "Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө" токтомуна ылайык,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. "Бишкек шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинин кирешелер башкармалыгы" мекемеси түзүлсүн.

2. Бишкек шаарынын мэриясынын Жергиликтүү бюджетинин кирешелер башкармалыгынын жобосу, түзүмү жана кызматкерлеринин штаттык саны 1-2-3-тиркемелерге ылайык бекитилсин.

3. Бишкек шаарынын мэриясынын Жергиликтүү бюджетинин кирешелер башкармалыгы (Бообеков А.М.) белгиленген тартипте юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

4. Бул токтом менен анда көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү үчүн берилген документтердеги маалыматтар анык жана мыйзам менен белгиленген учурда юридикалык жактарды кайра каттоо маселеси тийиштүү мамлекеттик органдар жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Э.З.Зарлыковго жүктөлсүн.

 

Бишкек шаарынын Мэри

 

А.Ибраимов

 

 

 

Бишкек шаарынын Мэриясынын
2016-жылдын 20-сентябрындагы
№ 128 токтомуна
2-тиркеме

Бишкек шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинин кирешелер башкармалыгынын
ТҮЗҮМҮ

Биринчи вице-мэри

 

Э.Зарлыков

 

 

 

Жергиликтүү бюджеттин кирешелер башкармалыгынын начальнигинин м.а.

 

А.Бообеков

 

 

 

Бишкек шаарынын Мэриясынын
2016-жылдын 20-сентябрындагы
№ 128 токтомуна
3-тиркеме

Бишкек шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинин кирешелер башкармалыгынын кызматкерлеринин
ШТАТТЫК САНЫ

Кызматтардын аталышы

Штаттык бирдиктердин саны

Начальник

1

Начальниктин орун басары

1

Бөлүм башчы

3

Башкы адис

4

Жетектөөчү адис

4

Адис

3

Бардыгы:

16

ТТП жана КТП

3

Бардыгы:

3

БАРДЫГЫ:

19

 

Биринчи вице-мэри

 

Э.Зарлыков

 

 

 

Жергиликтүү бюджеттин кирешелер башкармалыгынын начальнигинин м.а.

 

А.Бообеков