БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2015-жылдын 21-июлу № 146

Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясынын жобосун жана курамын бекитүү жөнүндө

(Бишкек шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 8-августундагы № 91 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын "Борбордун статусу жөнүндө" Мыйзамында баяндалган жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштурууда жана ишке ашырууда коллегиялуулук, эркин талкуулоо принциптерине ылайык,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөндөгүлөр бекитилсин:

- Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясы жөнүндө жобо жаңы редакцияда (№ 1 тиркеме);

- Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясынын туруктуу мүчөлөрүнүн курамы (№ 2 тиркеме).

2. Бишкек шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 28-августундагы № 119 токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо аппарат жетекчиси Н.Р.Тынаевге жүктөлсүн.

 

Бишкек шаарынын мэри

 

К.Кулматов

 

 

 

Бишкек шаарынын мэриясынын
2016-жылдын 8-августундагы
№ 91 токтомуна
2-тиркеме

Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясынын туруктуу мүчөлөрүнүн
КУРАМЫ

(Бишкек шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 8-августундагы № 91 токтомунун редакциясына ылайык)

Коллегиянын төрагасы:

1. Бишкек шаарынын мэри.

Коллегиянын төрагасынын орун басары:

2. Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри.

Коллегиянын катчысы:

Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы (добуш берүү укугусуз).

Коллегиянын мүчөлөрү:

3. Бишкек шаардык кеңештин төрагасы (макулдашуу боюнча);

4. Бишкек шаарынын прокурору (макулдашуу боюнча);

5. Бишкек шаарынын шаардык транспорт маселелери боюнча вице-мэри;

6. Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри;

7. Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри;

8. Бишкек шаарынын шаар куруу жана муниципалдык менчик маселелери боюнча вице-мэри;

9. Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси;

10. КРнын МУККнын Бишкек шаары боюнча ББнын начальниги (макулдашуу боюнча);

11. ИИББнын Бишкек шаары боюнча начальниги (макулдашуу боюнча);

12. Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы.

 

Уюштуруу бөлүмүнүн башчысы

 

Р.Айтымбетов