БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2016-жылдын 26-февралы № 30

"Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы" мекемесинин жобосун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Борбордун статусу жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 20-майындагы № 126 "Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгынын 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 8362 буйругунун негизинде,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. "Бишкек шаардык Дене тарбия жана спорт боюнча комитети" мекемеси "Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы" мекемеси деп кайрадан аталсын.

2. "Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы" мекемесинин жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы (А.М.Юнусов) бир айлык мөөнөттө мыйзам тарабынан белгиленген тартипте юстиция органдарында кайра каттоодон өткөрүлсүн.

4. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө токтомдо андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.

5. Бишкек шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 163 "Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы" мекемесинин жобосун бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын вице-мэри А.М.Рыскуловага жүктөлсүн.

 

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу

 

А.Рыскулова