Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясына "Алтын-Казык" конушунун тургуну кайрылып, таштанды таштоочу жай түзүлгөнүн билдирди.

Белгилей кетсек, бул конуш АТР алкагында кошулган "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын жанында жайгашкан.

Алсак, Ала-Арча суу сактагычынын боюндагы токой аянттарынын аймагында таштандылардын санкцияланбаган бир нече очогу катталган. Маалым болгондой, жакын жердеги турак жайлардын айрым жашоочулары катуу тиричилик таштандыларын ташып, чоң чуңкурларга төгүшкөн.

Бул жерде таштандыларды такталбаган жерлерге таштоого аракет жасалган учур катталган. "Daewoo labo" унаасынын айдоочусу курулуш таштандыларын таштоого аракет кылган.  Түшүндүрүү иштеринен кийин шаар тургуну таштандыларды Бишкек санитардык полигонунун аймагына алып кетти.

Арыз ээси менен сүйлөшүү жүрүп, экскаватор берүү менен таштанды полигонун жоюга жардам көрсөтүлдү.

Эртеси күнү атайын техника менен траншея казылды, ошону менен токой аянттарына автотранспорт каражаттарынын өтүүсүнө жол жабылды.

Урматтуу шаар тургундары жана меймандары! Туура эмес жерлерге таштанды ыргытпоону суранабыз. Эскерте кетсек, Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга карата КРнын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.