Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы өндүрүш, курулуш калдыктары жана жалбырактар өрттөгөн учурларды байма-бай каттоону улантууда.

Буга чейин " Ак-Босого" конушунда экологиялык бузуу аныкталган. Маалым болгондой, орто класстын окуучулары кечинде топтолгон жалбырактарды өрттөшкөн. Окуучунун ата-энесине КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча протокол түзүлгөн. Айып пулдун суммасы 7 500 сомду түздү.

Кийинки өрттөө Патрис Лумумба көчөсү менен Дэн Сяопин проспектисинин кесилишинде орун алган. Анда  жеке ишкер У. Т. Эргешовдун жумушчулары тиричилик, курулуш таштандыларын чогултуп өрттөшкөн. Түшүндүрүү  иштеринен соң өрт өчүрүлгөн. Аталган эреже бузуу  юридикалык жак болгондуктан, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча протокол түзүлдү.

Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер жана уюмдар! Сураныч, курчап турган аймакты көрктөндүрүү эрежелерин сактаңыз жана таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштабаңыз жана өрттөбөңүз. Борборду көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, бардык шаардыктар тегеректеги  10 метр аралыктагы аймакты  таза кармоого милдеттүү.