«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы көйгөйлөрдү чечүү жана ишкананын ишин жакшыртуу максатында айдоочулар арасында жыйын өткөрдү.

Жыйынга Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Алмаз Алымбеков, «БЖАИ» муниципалдык ишканасынынын директору Талант Капаров, Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын улук лейтенанты Кадырбек Батырбеков,  «Айыл Банк» жана камсыздандыруу компаниясынын өкүлдөрү, ишкана кызматкерлери жана айдоочулар катышты.

Жыйындын жүрүшүндө жүргүнчүлөрдү ташуунун сапатын жакшыртуу,  айдоочуларга коюлган талаптарды жана эрежелерди сактоо, автопарктын ишин жакшыртуу талкууланды.

Мындан тышкары, айдоочуларды шыктандыруу жана тейлөө сапатын жогорулатуу максатында жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен айдоочулар жана ишкананын кызматкерлери акчалай сыйлыктар жана грамоталар менен сыйланышты.

Жыйындын натыйжасында айдоочуларга жакшы шарттарды түзүү менен катуу талаптар да коюлары эскертилип, эрежелерди сактабаган айдоочуларга өтө катаал чаралар көрүлөрү айтылды.