Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарды аныктоону улантууда.

"Вега Оперейтинг Компани" ЖЧКсынын техникалык операторуна таандык, жол эрежесин бузган автотранспорт каражатына туура эмес токтоткондугу үчүн айып салынды.

"Көк-Жар" конушунун 7-апрель көчөсү 17, жашыл аянт айдоочу тарабынан жабыркаган.

Алсак," Вега Оперейтинг Компаниге" карата КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 179-беренесинин 2-бөлүгү боюнча укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлгөн. Айып пулдун суммасы 17 000 сомду түздү. Бирок автотранспорттун айдоочусу протоколду кабыл алуудан баш тарткан.

Инспекторлор кызматтык милдеттерин аткаруунун алкагында "Вега Оперейтинг Компани" компаниясынын башкы кеңсесине, К. Карасаев, 100 дарегине барып, расмий документин тапшырышты. Бирок, компаниянын башчысы Н.А.Ш. жана башка кызматкерлер кайрадан протоколду кабыл алуудан баш тартышты. Жеринде муниципалдык инспекциянын кызматкерлери тарабынан акт түзүлгөн.

Жыйынтыгында "Вега Оперейтинг Компани" компаниясына протокол почта аркылуу жөнөтүлдү. Белгилей кетсек, компания эреже бузуу менен макул эмес, протокол административдик комиссиянын кароосуна жөнөтүлгөн.