БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2015-жылдын 12-июну № 98

"Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү" мекемеси жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Борбордун статусу жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январындагы № 26 "Бишкек шаарынын өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна, Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 20-майындагы № 126 "Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө" токтомуна ылайык,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Бекитилсин:

- 1-тиркемеге ылайык "Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү" мекемесинин (мындан ары - мекеме) түзүмү;

- 2-тиркемеге ылайык кызматкерлердин штаттык саны.

2. Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү (Ниязбекова Э.К.) белгиленген тартипте "Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү" мекемесинин жобосунун долбоорун Бишкек шаарынын мэриясынын кароосуна киргизсин.

3. Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил бөлүмүнүн бухгалтеринин милдеттери Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы бухгалтерине жүктөлсүн.

4. Бишкек шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 28-ноябрындагы № 741 "Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүн түзүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо вице-мэр А.М.Рыскуловага жүктөлсүн.

 

Бишкек шаарынын Мэри

 

К.Кулматов