БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН БУЙРУГУ

Бишкек шаары, 2016-жылдын 17-ноябры № 361-б

Жарды жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча шаардык штаб түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-августундагы № 423 "Кыргыз Республикасындагы калктын жарды катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча кеңеш жөнүндө" токтомун жана Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министринин 2016-жылдын 27-октябрындагы №20-4682 протоколу менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы калктын жарды катмарынын'' жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чаралар планынын 1.1-пунктун аткаруу үчүн

1. Жарды жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча шаардык штаб 1-тиркемеге ылайык түзүлсүн.

2. Жарды жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чаралар планы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Жарды жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чаралар планына тартылган муниципалдык администрациялык райондордун башчылары жана Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери ай сайын 5-числого чейин Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгына талдоо жана жалпылоо үчүн маалымат жөнөтүшсүн.

4. Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын Коомчулук менен байланыш бөлүмү (Алмамбетова Г.И.) жарды жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга арналган иш-чараларды чагылдыруу боюнча натыйжалуу маалымат иштери менен камсыздасын.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо биринчи вице-мэр Э.З.Зарлыковго жана вице-мэр А.М.Рыскуловага жүктөлсүн.

 

Бишкек шаарынын Мэри

 

А.Ибраимов

 

 

 

Бишкек шаарынын Мэриясынын
2016-жылдын 17-ноябрындагы
№ 361-б буйругуна
1-тиркеме

Жарды үй-бүлөлөрдүн жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча шаардык Штабдын
КУРАМЫ

Шаардык штабдын төрагасы:

Ибраимов А.С.

 

Бишкек шаарынын мэри.

Шаардык штабдын төрагасынын орун басары:

Рыскулова А.М.

 

Бишкек шаарынын мэриясынын вице-мэри.

Шаардык штабдын катчысы:

Абылаев З.А.

 

Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү башкармалыгынын начальниги.

Шаардык штабдын мүчөлөрү:

Зарлыков Э.З.

 

Бишкек шаарынын мэриясынын биринчи вице-мэри;

Дюшембиев Б.О.

 

Бишкек ш. мэриясынын вице-мэри;

Исаков Э.К.

 

Бишкек ш. мэриясынын вице- мэри;

Милицкий Г.А.

 

Бишкек ш. мэриясынын вице-мэри;

Джунушалиев М.Т.

 

Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси;

Алиев А.Т.

 

Бишкек ш. мэриясынын Биринчи май администрат-к районунун башчысы;

Тынаев Н.Р.

 

Бишкек ш. мэриясынын Ленин администрат-к районунун башчысы;

Курманбеков Н.К.

 

Бишкек ш. мэриясынын Октябрь администрат-к районунун башчысы;

Болотбеков С.Б.

 

Бишкек ш. мэриясынын Свердлов администрат-к районунун башчысы;

Аденов И.Б.

 

Бишкек шаардык каржы башкармалыгынын начальниги;

Усупбеков Б.С.

 

Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Бишкек ш. ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү башкарм-нын начальниги;

Эшенкулова Н.А.

 

Бишкек ш. мэриясынын аппаратынын социалдык бөл-нүн башчысынын м.а.;

Алмамбетова Г.И.

 

Бишкек ш. мэриясынын аппаратынын коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн башчысы.

 

Социалдык бөлүмдүн башчысынын м.а.

 

Н.Эшенкулова

 

 

 

Бишкек шаарынын Мэриясынын
2016-жылдын 17-ноябрындагы
№ 361-б буйругуна
2-тиркеме

Жарды үй-бүлөлөрдүн жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча 2016-2017-жылдарга иш-чаралар
ПЛАНЫ

Иш-чаралар

Ишке ашыруу формасы

Аткаруучулар

Аткаруу мөөнөтү

Күтүлгөн натыйжа

Ресурстар

Жакырчылыктын деңгээлин аныктоо

1

Ишке орношууга, окууга жана микрокредит алууга муктаж жарды үй-бүлөлөрдүн тизмеси менен ведомство аралык алмашуу

Маалымат

ШСӨБ, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктары, КР ЭСӨМ Бишкек шаардык иш менен камсыз кылуу башкармалыгы

Ай сайын

Отчет жана анализ

Талап кылынбайт

2

Ишке орношууга, кайра окууга жана микрокредит алууга муктаж ДМЧЖга мониторинг жүргүзүү

Маалымат

ШСӨБ, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктары, КР ЭСӨМ Бишкек шаардык иш менен камсыз кылуу башкармалыгы

Ай сайын

Отчет жана анализ

Талап кылынбайт

3

Калктын жарды катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча райондук штабдарын түзүү

Буйруктар

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык , администрациялык райондору

ноябрь 2016-жыл

Буйруктар

Талап кылынбайт

Иш-чаралар

4

Калктын жарды катмарын жакырдыктан чыгаруу жана жеңилдетүү боюнча ведомстволор аралык иш-чаралар планын иштеп чыгуу

Иш-чаралар планы иштеп чыгуу

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациялык райондору

ноябрь 2016-жыл

Ведомстволор аралык иш-чаралар планы

Талап кылынбайт

5

Ар кандай социалдык катмарлары үчүн бош жумуш орундарына ярмаркаларды өткөрүү

Бош жумуш орундарына ярмаркаларды өткөрүү

КР ЭСӨМ Бишкек шаардык иш менен камсыз кылуу башкармалыгы

Ар дайым

150 киши жумуш менен камсыз болот, 200 киши кесиптик билим алуу үчүн жөнөтүлөт

Республиканын бюджетинен

6

Жакыр үй-бүлөлөр үчүн киреше алып келүүчү бизнес долбоорлорду каржылоого микрокредиттердин берилишин камсыздоо

Микрокредиттөө

КР ЭСӨМ Бишкек шаардык иш менен камсыз кылуу башкармалыгы

Ар дайым

10 жакыр адамга микрокредит берилет

Жергиликтүү бюджет

7

Жакыр үй-бүлөлөргө даректик социалдык жардам көрсөтүү

Даректик жардам

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациялык райондору

Ар дайым

56,1 миң адамга (үй-бүлөгө) даректик социалдык жардам 123,3 млн. сом суммасында көрсөтүү

Жергиликтүү бюджет

8

Жалпыга маалымат каражаттарына жарды үй-бүлөлөрдүн жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө маалымдандыруу

Жалпыга маалымат каражаттарын маалыматтар менен камсыздоо

ШСӨБ, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациялык райондору

Ар дайым

Жарды үй-бүлөлөрдүн жашоо шартын жакшыртуу боюнча иш-аракеттер тууралуу маалымдоо

Талап кылынбайт

 

Социалдык бөлүмдүн башчысынын м.а.

 

Н.Эшенкулова