БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2015-жылдын 18-августу № 188

"Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасынын ишмердигин оптимизациялоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Борбордун статусу жөнүндө", "Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 20-майындагы № 126 "Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө" токтомуна ылайык,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын курамынан чыгарылсын.

2. "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасы белгиленген тартипте түзүмдүк бөлүм катары Бишкек шаарынын мэриясынын түз курамына киргизилсин.

3. "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасынын уставы, түзүмү жана штаттык тизими ушул токтомдун № 1, 2, 3 тиркемелерине ылайык бекитилсин.

4. "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасы (Мамбеткожоев Б.Ш.) ишкананын Уставын белгиленген тартипте юстиция органдарында кайра каттоодон өткөрсүн.

5. Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгы (Мамышев Б.Ш.) эки жума мөөнөтүндө ушул токтомго ылайык жеке чечимин чыгарсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо вице-мэрдин милдетин аткаруучу Г.А.Милицкийге жүктөлсүн.

 

Бишкек шаарынын мэри

 

К.Кулматов