КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2013-жылдын 12-декабры № 218

Борбордун статусу жөнүндө

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын борборунун - республикалык маанидеги шаар болуп саналган Бишкек шаарынын статусун аныктайт, жергиликтүү өз алдынча башкаруусун уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрүн, анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын түзүүнүн тартибин, алардын иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын, мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара мамилелерин белгилейт, ошондой эле Бишкек шаарында башкарууну жүзөгө ашыруунун укуктук, уюштуруучулук, экономикалык, финансылык жана социалдык шарттарын бекемдейт.

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Бишкек шаарынын статусу

1. Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын борбору болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын борборунун статусу мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүүөз алдынча башкаруунун өзгөчөлүктөрү менен шартталган Бишкек шаарынын укуктук абалын, ошондой эле Бишкек шаары тарабынан Кыргыз Республикасынын борборунун иш-милдеттеринин жүзөгө ашырылышына байланыштуу алардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт.

3. Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын борбору катары:

1) республиканын администрациялык-саясий, экономикалык, илим-билим берүүчү, тарыхый-маданий борбору;

2) башкаруу мамлекет тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча мамлекеттик башкаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун принциптерине айкалыштырылып жүзөгө ашырылган, өзгөчө мамлекеттик мааниси бар администрациялык-аймактык бирдик;

3) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын текстинин түп нускасы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорунун эталондору турган жер;

4) Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 мамлекеттик резиденциясы, жогорку мамлекеттик бийлик органдары, башка мамлекеттик органдар, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, консулдук мекемелери жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү жайгашкан жер болуп саналат.

Айрым мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык борбордон тышкары жайгашышы мүмкүн.

4. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик символдорду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланууга укугу бар.

Борбор Бишкек шаардык кеңеши бекиткен өз символдоруна (гербине, туусуна, гимнине) ээ.

2-берене. Борбордун статусу жөнүндө мыйзамдар

Борбордун статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамынан, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан жана башка ченемдик укуктук актылардан турат.

3-берене. Бишкек шаары тарабынан борбордун иш-милдеттерин жүзөгө ашырууну камсыз кылуунун кепилдиктери

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бишкек шаары тарабынан борбордун иш-милдеттеринин жүзөгө ашырылышынын кепилдиктерин төмөнкү жол менен камсыз кылат:

1) борбордун иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүү;

2) шаар тарабынан борбордун иш-милдеттерин ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча башка чараларды көрүү.

4-берене. Бишкек шаары тарабынан борбордун иш-милдеттерин жүзөгө ашырууда мамлекеттик бийлик органдарынын көмөк көрсөтүүсү

Бишкек шаары тарабынан борбордун иш-милдеттерин жүзөгө ашырууда мамлекеттик бийлик органдары төмөнкүлөргө катышуу жолу менен көмөк көрсөтүшөт:

1) республиканын борбору катары шаарды өнүктүрүүнүн максаттуу программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга;

2) шаар тарабынан борбордун иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон объекттерди шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдерге жана макулдашууларга ылайык куруу, реконструкциялоо жана күтүү пландарын жүзөгө ашырууга;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаардын аймагында шаар тарабынан борбордун иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу менен байланышкан байланыш каражаттарын, автомобиль жолдорун, транспорт тутумдарын күтүүгө жана өнүктүрүүгө;

4) шаардын калкынын социалдык-маданий жана коммуналдык-тиричилик муктаждыктарын канааттандырууга багытталган турак жай-коммуналдык чарба объекттерин өнүктүрүүгө;

5) жаратылышты коргоо иш-чараларын, коомдук тартипти, өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча, өзгөчө кырдаалдардан коргоо жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө.

5-берене. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттери

Бишкек шаары тарабынан борбордун иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга байланыштуу шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

1) мамлекеттик бийлик органдарына жана алардын аймактык бөлүмчөлөрүнө, ошондой эле чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнө мыйзамда белгиленген тартипте муниципалдык менчикте турган жер участокторун, имараттарды, курулуштарды, курулмаларды жана жайларды, турак жай фондун, турак жай-коммуналдык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү берет;

2) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен республикалык жана эл аралык иш-чараларды өткөрүү үчүн зарыл шарттарды камсыз кылат;

3) шаарды өнүктүрүүнүн республикалык максаттуу программаларын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат;

4) шаардын аймагы аркылуу өткөн байланыш каражаттарын, автомобиль жолдорун күтүүгө жана өнүктүрүүгө катышат, калкты транспорт менен тейлөөнү камсыз кылат;

5) муниципалдык менчикте турган тарых жана маданият эстеликтеринин сакталышын камсыз кылат жана мамлекеттик менчикке таандык болгон тарых жана маданият эстеликтерин күтүүгө катышат;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

6-берене. Бишкек шаарынын аймагы

1. Бишкек шаарынын аймагы "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана жер мыйзамдарына ылайык аныкталган шаардын чек араларынын чектеринде түзүлөт.

2. Бишкек шаарынын аймагына категорияларына жана менчигинин формасына карабастан шаардын администрациялык-аймактык чек арасы менен белгиленген чектердеги бардык шаардык жерлер кирет.

3. Шаарда жергиликтүү өз алдынча башкарууну оптималдуу уюштуруу жана натыйжалуу жүзөгө ашыруу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, ушул Мыйзам менен белгиленген иш-милдеттерди тиешелүү түрдө аткаруу максаттарында Бишкек шаарынын аймагы өз алдынча администрациялык-аймактык бирдиктер болуп саналбаган администрациялык райондорго бөлүнөт.

4. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын администрациялык райондору шаардын тарыхый, географиялык, шаар куруу өзгөчөлүктөрүн, калктын санын, социалдык-экономикалык мүнөздөмөлөрүн, транспорттук коммуникацияларынын жайгашуусун, инженердик инфратүзүмүнүн болушун жана аймактын башка өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен 4 райондон ашпаган санда түзүлөт.

5. Ушул Мыйзамда жөнгө салынбаган администрациялык райондорду башкаруунун тартиби Бишкек шаарынын мэриясынын сунушу боюнча Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.

6. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун администрациялык райондоруна жетекчиликти Бишкек шаарынын мэри тарабынан дайындалган администрациялык райондордун башчылары жүзөгө ашырат.

7-берене. Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставы

1. Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кабыл алынган жергиликтүү жамаатынын Уставына ээ.

2. Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы шаардын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу маселелерин чечүүдө Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү менен Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара мамилелеринин тартибин; борбордогу аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын түзүүнүн жана ыйгарым укуктарынын өзгөчөлүктөрүн, шаар куруу түзүлүштөрүн, шаардын жергиликтүү жамаатынын мүчөсүнүн статусун берүүнүн шарттарын жана тартибин, шаар тарабынан ушул Мыйзамда белгиленген иш-милдеттерди жүзөгө ашырууга тийиштүү башка маселелерди аныктайт.

3. Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы ''Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталган тартипте Бишкек шаарынын мэриясынын сунуштамасы боюнча Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.

Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.

4. Жергиликтүү жамааттын Уставынын жоболору өзүнө ведомстволук караштуулуктагы аймакта жайгашкан, менчигинин формасына карабастан бардык ишканалар, уюмдар, мекемелер жана жарандар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болот.

5. Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сайтында жарыяланат.

2-глава. Бишкек шаарында жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун өзгөчөлүктөрү

8-берене. Жергиликтүү маанидеги маселелер

1. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган жергиликтүү маанидеги маселелерге Бишкек шаарынын аймагында кошумча төмөнкүлөр таандык болот:

1) Бишкек шаарына жүктөлгөн борбордун иш-милдеттерин эске алуу менен анын комплекстүү социалдык-экономикалык өнүгүшүн стратегиялык пландаштыруу жана камсыз кылуу, шаар экономикасын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;

2) шаардын аймагында шаар курулуш маселелерин, ошондой эле архитектура, курулуш, реконструкция, көркөм жасалгалоо маселелерин чечүү;

3) саламаттык сактоонун, мектептик мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүнүн, дене тарбиянын жана спорттун, социалдык коргоонун муниципалдык тутумунун иштешин жана өнүгүшүн уюштуруу;

4) Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун тарыхый жана маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муницииалдык мекемелерин өнүктүрүү;

5) ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте жана чектерде коомдук тартипти сактоого жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;

6) шаардын аймагында санитардык тазалоону, тазалыкты жана тартипти сактоону контролдоо боюнча иш-чараларды уюштуруу;

7) социалдык-маданий, турак жана турмуш-тиричилик муниципалдык объекттерин куруу;

8) жылуулук менен жабдууну уюштуруу;

9) муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жана алар боюнча жеңилдиктерге тарифтерди белгилөө;

10) шаардан тышкаркы транспорттордун Бишкек шаарына киришин уюштуруу жана жеңил автомобиль таксилердин, жүк ташуучулардын жана атайын транспорттун ишин жөнгө салуу.

2. Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жергиликтүү маанидеги маселелер катары каралбаган жана мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген башка маселелерди чечет.

9-берене. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму

1. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумун төмөнкүлөр түзөт:

1) Бишкек шаардык кеңеши - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы;

2) Бишкек шаарынын мэриясы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы.

2. Бишкек шаарынын мэриясы жана анын кызмат адамдары өз ишинде Бишкек шаардык кеңешине отчёт берет жана анын контролдугу астында болот.

10-берене. Бишкек шаардык кеңеши

1. Бишкек шаардык кеңеши - мыйзам менен белгиленген тартипте шаардын коомдоштугу тарабынан түздөн түз шайлануучу жана өз ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашыруучу, шаардык өз алдынча башкаруунун шайлануучу өкүлчүлүктүү органы.

2. Бишкек шаардык кеңешинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - 4 жыл. Бишкек шаардык кеңешине шайлоолорду өткөрүүнүн жана депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

3. Бишкек шаардык кеңешинин сандык курамы - 45 депутат.

11-берене. Бишкек шаардык кеңешинин ишин уюштуруу

1. Бишкек шаардык кеңешинин ишинин негизги уюштуруучулук формасы сессия болуп саналат.

2. Бишкек шаардык кеңешинин сессияларын чакыруунун тартиби жана өткөрүүнүн мезгилдуүлүгү анын Регламенти менен аныкталат.

3. Бишкек шаардык кеңешинин биринчи сессиясында жашы боюнча улуу депутат төрагалык кылат.

4. Аймактын кызыкчылыгын козгогон маселелер боюнча Бишкек шаардык кеңеши сессиянын ишине, туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн өкүлдөрүн катышуу үчүн чакыра алат.

12-берене. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттык фракциялары

1. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары депутаттык фракцияларга биригет.

2. Депутаттык фракция (мындан ары - фракция) партиялык тизменин негизинде түзүлөт жана Бишкек шаардык кеңеши тарабынан катталууга жатат.

3. Фракциялар фракциялардын коалициясына биригиши мүмкүн. Коалицияга биригүү үчүн каалоосун билдирген фракциялар Бишкек шаардык кеңешинин жыйналышында фракциялардын коалициясын түзүү жөнүндө жарыялайт.

4. Депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон, фракциялардын коалициясын түзүү жөнүндө расмий жарыялаган фракция же фракциялардын коалициясы Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк деп эсептелинет.

Көпчүлүктүн курамына кирбеген жана көпчүлүккө карата өзүнүн оппозициясы жөнүндө жарыялаган фракция же фракциялардын коалициясы Бишкек шаардык кеңешиндеги оппозиция деп эсептелет.

Фракциянын же көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясынын курамына кирбеген жана көпчүлүккө карата өзүнүн оппозициясы жөнүндө жарыялабаган фракция же фракциялардын коалициясы Бишкек шаардык кеңешиндеги азчылык деп эсептелет.

5. Бишкек шаардык кеңешиндеги бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы оппозициялык фракциянын же фракциялардын оппозициялык коалициясынын курамынан шайланат.

Эгерде Бишкек шаардык кеңешинде бир да фракция же фракциялардын коалициясы өздөрүн оппозициялык деп жарыя кылышпаса, анда бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы азчылыктын курамынан шайланат.

Эгерде Бишкек шаардык кеңешинин курамында оппозиция же азчылык жок болгон учурда, мындай эреже колдонулбайт.

6. Депутаттык фракцияларды түзүүнүн жана ишинин тартиби Бишкек шаардык кеңешинин Регламенти менен белгиленет.

13-берене. Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиялары

1. Бишкек шаардык кеңешинин карамагына таандык болгон маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан мекемелердин жана уюмдардын анын чечимдерин ишке ашырууга катышуусу, анын чечимдеринин аткарылышын контролдоо үчүн туруктуу комиссиялар түзүлөт.

2. Бишкек шаардык кеңеши айрым маселелерди иликтөө жана аларга териштирилүүлөрдү жүргүзүү үчүн убактылуу комиссияларды түзүшү мүмкүн.

Убактылуу комиссияларды түзүү жөнүндө сунушту фракциялар же туруктуу комиссиялар киргизүүгө укуктуу.

3. Туруктуу жана убактылуу комиссиялардын сандык курамы, аларды түзүүнүн тартиби жана ыйгарым укуктары Бишкек шаардык кеңешинин Регламенти менен аныкталат.

4. Бишкек шаардык кеңешинин чечими боюнча туруктуу комиссиялардын экиден ашпаган төрагалары өз ишин жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырышы мүмкүн. Бул учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, көрсөтүлгөн төрагалар башка акы төлөнүучү кызматты ээлөөгө укуксуз.

14-берене. Бишкек шаардык кеңешинин жетекчилиги

1. Бишкек шаардык кеңешинин жетекчилиги төрагадан жана анын орун басарынан турат.

2. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы жана төраганын орун басары Бишкек шаардык кеңешинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө сессияда депутаттардын ичинен жашыруун добуш берүү менен шайланат.

3. Талапкерлерди көрсөтүүнүн, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоонун жана ээлеген кызматынан бошотуунун тартиби Бишкек шаардык кеңешинин Регламенти менен белгиленет.

4. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын жана төраганын орун басарынын иши туруктуу жана акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылат.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы жана төрагасынын орун басары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, башка акы төлөнүүчү кызматты ээлөөгө укуксуз.

15-берене. Бишкек шаардык кеңешинин компетенциясы

1. Бишкек шаардык кеңешинин комнетенциясы "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ушул Мыйзам жана Бишкек шаарынын Уставы менен аныкталат.

2. Бишкек шаардык кеңешинин компетенциясына "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралгандардан тышкары, төмөнкүлөр кирет:

1) шаардын аймагында жайгашкан мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, башка мекемелердин, уюмдардын иштеринин натыйжалуулугуна контролду ишке ашыруу маселеси;

2) өздөрүнүн милдеттерин, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин чечимдерин талаптагыдай аткарбаган учурда, судьялардан, прокурорлордон, Кыргыз Республикасынын улуттук мамлекеттик коопсуздук органдарынын жана мамлекеттик статистика органдарынын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринен тышкары, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилерине ишеним көрсөтпөө;

3) вице-мэрге, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине ишеним көрсөтпөө;

4) чарбалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мэриянын түзүмдүк бөлүмчөлөрдү түзүүсүнө, ошондой эле мэриянын аймактык бөлүмчөлөрду түзүүсунө макулдук берүү;

5) муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди бекитүү;

6) шаардын аймактык түзүлүшүнүн тартибин бекитүү, администрациялык райондорду атоо, кайра атоо, ошондой эле чек араларды белгилөө, өзгөртүү жана алардын башкаруу органдарын күтүү;

7) шаардын аймагында көрктөндүрүү, соода, тышкы жарнакты жана маалыматты жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;

8) шаардын аймагында үй жаныбарларын күтүүнүн жана мал жаюунун эрежелерин бекитүү.

3. Бишкек шаардык кеңешинин сессияларында жалпы кызыкчылык туудурган иш-чараларды жүзөгө ашыруу же иштерди аткаруу үчүн ата мекендик жана чет өлкөлүк чарба жүргүзүүчү субъекттер, коомдук уюмдар менен кызматташуу жөнүндө маселелер чечилиши мүмкүн.

4. Өздөрүнүн милдеттерин, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин чечимдерин аткарбаганы жана тийиштүү деңгээлде аткарбаганы үчүн мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилерине Бишкек шаардык кеңеши тарабынан ишеним көрсөтүлбөгөн учурда, мамлекеттик органдын жетекчиси 10 жумушчу күндүн ичинде аны кызмат ордунан бошотуу тууралуу чечим кабыл алат же шаардык кеңештин чечими менен макул эмес экендигин (конкреттүү негиздемеси менен) билдирет.

Эгерде Бишкек шаардык кеңеши 3 айдын ичинде мамлекеттик органдын аймактык бөлүмчөсүнүн жетекчисине ишеним көрсөтпөө жөнүндө кайталап чечим кабыл алган учурда, мамлекеттик органдын жетекчиси аны токтоосуз түрдө кызматынан бошотот.

5. Вице-мэрге, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылган муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине өздөрүнүн милдеттерин, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин чечимдерин аткарбаганы жана тийиштүү деңгээлде аткарбаганы үчүн ишеним көрсөтүлбөгөн учурда, мэр 10 жумушчу күндүн ичинде аны кызмат ордунан бошотуу тууралуу чечим кабыл алат же шаардык кеңештин чечими менен макул эмес экендигин (конкреттүү негиздемеси менен) билдирет.

Вице-мэрге, муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине кайталап ишеним көрсөтүлбөгөн учурда, мэр аларды токтоосуз түрдөкызматынан бошотот.

16-берене. Бишкек шаардык кеңешинин актылары

1. Бишкек шаардык кеңеши өзүнүн компетенциясынын чектеринде чечимди токтом түрүндө кабыл алат. Төрага өзүнүн компетенциясынын чектеринде тескемелерди чыгарат.

2. Бишкек шаардык кеңешинин токтомдору менчигинин формасына карабастан шаардын аймагында жайгашкан бардык ишканалар, мекемелер, уюмдар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болот.

3. Бишкек шаардык кеңешинин чечимдери Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына карама-карпгьг келген учурда, аларды жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

17-берене. Бишкек шаардык кеңешинин Регламенти

1. Бишкек шаардык кеңешинин Регламенти Бишкек шаардык кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле анын ишин уюштуруунун эрежелеринде каралган ыйгарым укуктардын жүзөгө ашырылышынын тартибин жана жол-жоболорун аныктайт.

2. Бишкек шаардык кеңешинин Регламенти Бишкек шаардык кеңеши тарабынан сессияда бекитилет.

18-берене. Бишкек шаарынын мэри жана мэриясы

1. Мэр башчылык кылган Бишкек шаарынын мэриясы шаардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы болуп саналат.

2. Бишкек шаарынын мэриясы шаардагы жергиликтүү ез алдынча башкаруунун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Кыргыз Республикасынын башка органдарынын компетенциясына таандык кылынган ыйгарым укуктарды кошпогондо, мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бардык өткөрүлүп берилген маселелерин аткаруучу орган болуп саналат.

3. Мэр - шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумунда шайлануучу кызмат адамы, шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын жетекчиси, шаарда мамлекеттик саясатты жүргүзүү жана мыйзамдарда белгиленген тартипте өзүнө мамлекет тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын чектеринде аткаруу бийлигинин иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу жетекчи.

4. Анын компетенциясына кирген маселелер боюнча мэрия тарабынан кабыл алынган чечимдерге шаардын мэри кол коёт.

Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдери Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына карама-каршы келген учурларда, аларды жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.

19-берене. Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү

Мэр Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүн аныктайт жана аны өзү дайындалган күндөн тартып 7 жумушчу күндүн ичинде Бишкек шаардык кеңешинин бекитүүсүнө киргизет.

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү аны талкуулоонун жана бекитүүнүн жүрүшүндө мэрдин макулдугусуз өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.

20-берене. Бишкек шаарынын мэриясынын компетенциялары

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган Бишкек шаарынын мэриясынын компетенцияларына кошумча төмөнкү маселелер кирет:

1) Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилген жергиликтүү бюджетке ылайык шаардык жана аймактык маанидеги объекттерди өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоо;

2) муниципалдык мекемелер жана ишканалар тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн жана иштердин реестрин иштеп чыгуу;

3) көрсөтүлгөн максаттарга каралган каражаттардын чектеринде муниципалдык ишканаларга жана мекемелерге жергиликтүү бюджеттен ссудаларды берүү жөнүндө чечим кабыл алуу;

4) жергиликтүү бюджеттен капиталдык салымдарды пландаштыруу жана шаардык кеңеш бекиткенден кийин аны жүзөгө ашыруу;

5) саламаттык сактоонун, билим берүүнүн, архитектуранын жана шаар куруунун, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелерге таандык башка чөйрөлөрдөгү мамлекеттик мекемелердин аймактык бөлүмчөлөрүнүн ишин жетектөөнү жана контролдоону жүзөгө ашыруу;

6) турак жана турак эмес объекттерди курууга уруксат берүү;

7) шаардын аймагында көрктөндүрүү, соода, тышкы жарнакты жана маалыматты жайгаштыруу эрежелеринин сакталышына контролду жүзөгө ашыруу;

8) шаар куруу, экологияны коргоо, шаар жолдорун, турак жай-коммуналдык чарба, объекттерин күтүү жана өнүктүрүү, шаар аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, керектөө калдыктарын башкаруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу,

9) Бишкек шаардык кеңешинин макулдугу менен турак жай жана социалдык-маданий курулуш үчүн программаларды иштеп чыгуу жана шарттарды түзүү;

10) шаардын аймагында жана шаарга чектеш зонада колдонулуучу мамлекеттик, архитектуралык, шаар куруу жана курулуш саясатын иштеп чыгууга катышуу;

11) калдыктарды таштоо жаатындагы укук бузуулар үчүн, жалпы пайдалануудагы жерлерди, соода жүргүзүү жерлерин көрктөндүрүү, санитардык күтүү эрежелерин бузгандык үчүн, ошондой эле уруксат берүүчү документтери жок жеңилдетилген типтеги объекттерди өз бет алдынча куруу жана орнотуу үчүн администрациялык укук бузууларды кароо жана администрациялык жоопкерчиликке тартуу боюнча ыйгарым укуктуу органдарды (комиссияларды) түзүү;

12) шаарды өнүктүрүүнүн жана куруунун мыйзамдарда белгиленген тартипте бекитилген башкы планын ишке ашыруу боюнча субъекттердин ишин координациялоо;

13) капиталдык объекттерди долбоорлоонун, куруунун жана пайдаланууга берүүнүн мөөнөттөрүн контролдоону жүзөгө ашыруу, объекттерди пайдаланууга берүү боюнча комиссиянын ишине катышуу;

14) Бишкек шаардык кеңешинин макулдугу менен шаардын экологиялык, социалдык жана маданий өнүгүшүнүн комплекстүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

15) жылуулук-, энергия-, суу-, газ менен жабдуу, канализация жана суу агызып чыгаруу, жол иши, шаардык транспорттун жана байланыштын бардык түрлөрү, шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык тазалоо, ошондой эле турак жай фондун инженердик камсыз кылуу, пайдаланууга берүү жана оңдоо жаатындагы иштерди координациялоо;

16) муниципалдык менчикти мыйзамсыз орнотулган объекттерден, өз алдынча курулган же колдонуудагы ченемдерди бузуу менен курулуп жаткан имараттардан жана курулмалардан бошотуу;

17) Бишкек шаардык кеңеши менен макулдашуу боюнча объекттерди, анын ичинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жер участокторун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатып алуу;

18) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жерлерди пайдалангандыгы үчүн контролду жүзөгө ашыруу;

19) укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык кеңешмелерди уюштуруу жана түзүү;

20) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет элдик жактар менен мыйзамда белгиленген тартипте келишимдерди жана макулдашууларды түзүү;

21) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.

21-берене. Бишкек шаарынын мэринин ыйгарым укуктары

1. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын  Мыйзамында белгиленген ыйгарым укуктарынан тышкары, Бишкек шаарынын мэри:

1) мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн ишин координациялайт, алардын жетекчилерин дайындоого макулдук берет, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринин кызмат ордуна талапкерлерди конкурстук тандоого катышат, алар өздөрүнүн милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарышпаган учурда, судьяларды, прокурорлорду, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук органынын жана мамлекеттик статистика органдарынын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилерин кошпогондо, ошол мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилерин ээлеген кызмат ордунан четтетүу боюнча маселени коюуга укуктуу;

2) чарбалык ишти жүзөгө ашыруу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн Бишкек шаардык кеңешинин макулдугу менен белгиленген тартипте түзүмдүк бөлүмчөлөрдү түзөт;

3) Бишкек шаардык кеңешинин макулдугу менен шаардын мэриясынын аймактык бөлүмчөлөрүн түзөт;

4) шаардын аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды Бишкек шаардык кеңешинин бекитүүсүнө киргизет;

5) вице-мэрлерди, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылган муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерин дайындайт, ошондой эле ушул Мыйзамда белгиленген тартипте аларды кызматынан бошотот;

6) вице-мэрлерге алар жетектеген маселелер боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берет;

7) администрациялык райондордун башчыларын кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот;

8) администрациялык райондун башчысынын сунуштамасы боюнча администрациялык райондун башчысынын орун басарларын кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот;

9) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун издөөнү, демилгелөөну ишке ашырат жана "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды түзөт жана аларды ишке ашырууну камсыз кылат.

2. Тийиштүү мамлекеттик органдын аймактык бөлүмчөсүнүн жетекчисинин кызмат ордуна талапкерге мэр макулдук бербеген учурда (макулдук бербөө жазуу жүзүндө негизделинет) маселе биротоло Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан чечилет.

3. Өзүнүн милдеттерин, ошондой эле Бишкек шаарынын мэринин чечимдерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн аймактык бөлүмчөнүн жетекчисин бошотуу маселеси боюнча мамлекеттик органдын жетекчисине мэр сунуштама киргизген учурда, мамлекеттик органдын жетекчиси 10 жумушчу күндүн ичинде аны кызмат ордунан бошотуу же мэрдин сунуштамасы менен макул эмес экендиги (конкреттүү негиздемеси менен) тууралуу чечим кабыл алат.

Мэр тарабынан 3 айдын ичинде сунуштама кайталап киргизилген учурда, маселе биротоло Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан чечилет.

22-берене. Бишкек шаарынын мэрине карата талаптар

Жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтарда же билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдарда, мекемелерде жана жеке менчик чарба жүргүзүүчү субъекттерде жетекчи кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди эркин билген Кыргыз Республикасынын жараны Бишкек шаарынын мэри боло алат.

Мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган кылмыш жасаганы үчүн соттуулугу бар, соттуулугу жоюлганына же соттуулугу алып салынганына карабастан мамлекеттик бийликке каршы кылмыш жасаганы үчүн соттуулугу бар, ошондой эле чет мамлекеттин жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жараны Бишкек шаарынын мэри боло албайт.

23-берене. Бишкек шаарынын мэрин шайлоо

1. Бишкек шаарынын мэри Бишкек шаардык кеңешинин чакырылган мөөнөтүнө Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен шайланат.

2. Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкерлерди (мындан ары - талапкер) көрсөтүүгө Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары, фракцияларынын коалициясы жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри укуктуу.

3. Бишкек шаарынын мэрин шайлоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан жаңыдан шайланган Бишкек шаардык кеңешинин биринчи сессиясы башталган күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен дайындалат.

Бишкек шаарынын мэри ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы орун бош калган күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоону дайындайт.

Бишкек шаардык кеңешинин чакырылышынын мөөнөтү аяктаганга чейин 6 ай калганда Бишкек шаарынын мэри ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, шаардын мэрин шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Бишкек шаардык кеңешинин чакырылышынын мөөнөтү аяктаганга чейин дайындалбайт.

Шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан, шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирилбестен, өткөрүлөт.

4. Бишкек шаарынын мэрин шайлоо жашыруун добуш берүү жолу менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан жүзөгө ашырылат. Эгерде ага Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчт°н экиси катышса, шайлоо болду деп эсептелет.

5. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын көпчүлүгүн алган талапкер шайланды деп эсептелет.

Эгерде:

- бир талапкер катталса, ал депутаттардын добуштарынын зарыл санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;

- эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл санын албай калса, добуштардын санынын көпчүлүгүн алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;

- экиден ашык талапкерлер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл санын албай калса, добуштардын санынын көпчүлүгүн алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын санынын көпчүлүгүн алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын эң аз тең санын алса, добуштардын санынын көпчүлүгүн алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт.

Эгерде "бардык талапкерлерге каршы" позициясы үчүн добуш берүүгө катышкан депутаттардын добуштарынын көпчүлүк саны берилсе, анда кайра шайлоо өткөрүлөт.

Эгерде добуш берүү күнүнө карата бир да талапкер катталбаса же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын мэри шайланбай калган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт.

Жаңы талапкерликтерди көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт.

Эгерде шайлоо кворумдун жоктугунан улам болбой калган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы кайра шайлоону 3 календардык күндүн ичинде дайындайт. Бул учурда кайра шайлоо мурда катталган талапкерлер боюнча өткөрүлөт.

Бишкек шаарынын мэрин шайлоону өткөрүүнүн ушул берене менен жөнгө салынбаган тартиби Бишкек шаардык кеңешинин Регламенти менен аныкталат.

Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жарыялайт, тиешелүү протокол түзөт жана шайлоонун натыйжаларын ал жарыяланган күндөн тартып 7 календардык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт.

6. Бишкек шаарынын шайланган мэрине Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген үлгүдөгү тиешелүү ырастама берилет.

7. Бишкек шаарынын мэри Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан кайра шайланбай калган учурда, талапкерлер киргизилген күндөн тартып бир айлык мөөнөттө Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри талапкерлерди кайрадан көрсөтөт. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан Бишкек шаарынын мэри кайрадан шайланбай калган учурда. Кыргыз Республикасынын Президенти Бишкек шаардык кеңешин таратууну жүзөгө ашырат жана белгиленген тартипте мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Бишкек шаардык кеңешинин жаңы курамы тарабынан мэр шайланганга чейин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучуну дайындайт.

24-берене. Бишкек шаарынын мэрин ээлеген кызматынан бошотуу

1. Бишкек шаарынын мэри Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан төмөнкү учурларда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:

1) жеке арызынын негизинде;

2) ченемдик укуктук актыларды же өткөрүлүп берилген мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын аткарбаганы же тиешелүү деңгээлде аткарбаганы үчүн - шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен;

3) соттун күчүнө кирген айыптоо өкүмүнүн негизинде;

4) сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган учурда;

5) аны өлгөн, дайынсыз жоголгон деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген, ошондой эле каза болгон учурда;

6) туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып кеткен учурда;

7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;

8) туруктуу эмгекке жөндөмсүздүгүнүн натыйжасында өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүн болбой калган учурда;

9) Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добуштары менен ишеним көрсөтүлбөгөн учурда.

2. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан шаардын мэрине ишеним көрсөтүлбөгөн учурда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри аны кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга же болбосо Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен макул болбоого укуктуу.

3. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан шаардын мэрине 3 айдын ичинде кайталап ишеним көрсөтүлбөгөн учурда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри аны ээлеген кызматынан бошотот.

4. Шаардын мэри кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри шаардын жаңы мэри шайланганга чейин мэрдин милдетин аткаруучуну дайындашы мүмкүн.

25-берене. Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкерлерди каттоо

1. Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкерди көрсөткөн субъект шайлоого чейин 5 жумушчу күн калгандан кечиктирбестен аймактык шайлоо комиссиясына каттоо үчүн төмөнкү документтерди берет:

1) талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечимди;

2) талапкердин ат салышууга макулдугу жөнүндө арызын;

3) талапкердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, иштеген жерин, ээлеген кызматын (ишинин түрүн) жана жашаган жерин көрсөтүү менен анын өмүр баянынын маалыматтарын;

4) ушул Мыйзамдын 22-беренесинин талаптарын ырастаган тиешелүү документтерди.

2. Аймактык шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде талапкерди көрсөтүүнүн тартиби ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келүүсун текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө чечимди же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечимди кабыл алат. Мында, эгерде шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринде каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган ылайык келбөөчүлүктөрдү тапса, аймактык шайлоо комиссиясы документтер алынгандан кийин 24 сааттын ичинде талапкерди көрсөткөн субъектке ылайык келбөөчүлүктөр жөнүндө маалымдоого милдеттүү. Талапкерди көрсөткөн субъект маалымдоо алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди аймактык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.

3. Талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда аймактык шайлоо комиссиясы аны кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерди көрсөткөн субъектке баш тартуунун негиздерин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

4. Талапкерди каттоодон баш тартууга төмөнкүлөр негиз болушу мүмкүн:

1) ушул Мыйзамда каралган көрсөтүү тартибин сактабагандык;

2) талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;

3) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүүлүгү;

4) талапкерди көрсөткөн субъект тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн каттоо үчүн зарыл болгон бардык документтердин берилбегендиги.

5. Талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.

6. Аймактык шайлоо комиссиясы бардык талапкерлерди каттагандан кийин 2 календардык күндүн ичинде Бишкек шаарынын мэрин шайлоону уюштурат.

Бишкек шаарынын мэриясынын аппараты аймактык шайлоо комиссияларына орун жай берүү, добуш берүү үчүн кабиналарды, добуш берүү үчүн урналарды орнотуу жана шайлоону өткөрүү менен байланышкан башка маселелерди чечүү жолу менен шайлоону уюштурууда көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

26-берене. Шайлоого катышуудан баш тартуу, талапкерди чакыртып алуу

1. Талапкер кандай гана убакта болбосун бул жөнүндө аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Бул учурда талапкерди каттаган аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.

2. Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкерди көрсөтүүгө укугу бар субъект кайсы гана учурда болбосун, бирок добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күн калгандан кечиктирбестен аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндөгү тиешелүү арыз берүү менен талапкерди чакыртып алууга укуктуу. Бул учурда субъекттен көрсөтүлгөн талапкерди каттаган аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.

27-берене. Бишкек шаарынын вице-мэрлери

1. Бишкек шаарынын мэриясынын вице-мэрлери, анын ичинде биринчи вице-мэри болот.

Вице-мэрлер шаардын мэри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматынан бошотулат.

2. Вице-мэрди кызматынан бошотуу администрациялык кызматтарды ээлеген муниципалдык кызматчылар үчүн каралган негиздер боюнча жана тартипте Бишкек шаарынын мэри тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Бишкек шаарынын мэри болбогон мезгилде биринчи вице-мэр анын ордун ээлеп турат.

4. Вице-мэрлер өздөрүнүн иш-милдеттерин аткаргандыгы үчүн Бишкек шаарынын мэринин алдында жоопкерчилик тартышат.

28-берене. Бишкек шаарынын администрациялык районунун башчысы

1. Бишкек шаарынын администрациялык районунун башчысы шаардын мэриясынын аймактык бөлүмчөсүнүн жетекчиси болуп саналат жана иш-милдеттерин өзүнө шаардын мэри тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чектеринде жүзөгө ашырат.

2. Бишкек шаарынын администрациялык районунун башчысы:

1) администрациялык райондун, райондун жашоо-тиричилигин камсыз кылуу боюнча ведомстволук баш ийүүдөгү уюмдардын жана мекемелердин ишине жетекчилик кылат, ошол иштердин натыйжалары үчүн жооп берет;

2) Бишкек шаарынын мэри тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды тийиштүү деңгээлде аткарууну уюштуруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

3) өзүнө Бишкек шаарынын мэри тарабынан өткөрүлүп берилген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

29-берене. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун финансылык-экономикалык негиздери

1. Шаардын өнүгүшүнүн экономикалык негизин шаардын аймагында турган муниципалдык менчик, финансылык, жаратылыш жана башка ресурстар, ошондой эле ишин шаардын аймагында жүзөгө ашырып жаткан ишканалар, уюмдар жана мекемелер түзөт.

2. Шаардын өнүгүшүнүн финансылык негизин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген кирешелердин салыктык жана салыктык эмес булактары, муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер, акы төлөнүучү кызматтарды көрсөткөндүк жана жумуштарды аткаргандык үчүн кирешелер, ошондой эле кредиттик жана башка финансылык ресурстар түзөт.

3. Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетин түзүү, кароо, бекитүү жана аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.

4. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кредиттик-финансы институттарын, ошондой эле иши шаардын жашоо-тиричилигин камсыз кылууга багытталган башка муниципалдык мекемелерди, ишканаларды түзүшү мүмкүн. Бишкек шаарынын мэриясы коммерциялык уюмдардын уставдык капиталдарындагы жана долбоорлордогу пайлардын, акциялардын жана башка үлүштөрдүн ээси болушу жана уставдык капиталдагы үлушүнө ылайык пайданы же анын бир бөлүгүн алышы мүмкүн.

5. Республикалык бюджетти түзүүдө илим, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо мекемелерин жана республикалык мааниси бар экологиялык, анын ичинде Кыргыз Республикасынын калкынын миграциясы жана иш менен камсыз болуусу менен байланышкан программаларды өнүктүрүү үчүн жергиликтүү бюджетти каржылоо каралат.

30-берене. Бишкек шаарын өнүктүрүү фонду

1. Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана анын көйгөйлөрүн чечүү максатында Бишкек шаарынын мэриясы шаарды өнүктүрүү фондун түзүшү мүмкүн.

2. Фонддун каражаттарын пайдалануу жана пайдаланууну контролдоо тартибин камтыган шаарды өнүктүрүү фондусу жөнүндө жобо Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.

3. Шаарды өнүктүрүү фондун түзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

31-берене. Бишкек шаарынын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара мамилелери

Бишкек шаары мамлекеттик бийлик органдарына, ошондой эле чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө алардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышы үчүн зарыл болгон муниципалдык менчикте турган жер участокторун, имараттарды жана курулмаларды, турак жай-коммуналдык жана башка кызматтарды акы төлөнүүчү негизде берет; мамлекеттик жана эл аралык иш-чараларды өткөрүү үчүн шарттарды камсыз кылат.

Шаардын аймагында турган министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана чарба жүргүзүүчү субъекттер менен өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт.

Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ортосундагы милдеттенмелер боюнча талаш-тартыштар макулдашуу жол-жоболору аркылуу же сот органдары тарабынан чечилет.

3-глава. Корутунду жоболор

32-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул беренеде күчүнө кирүүнүн башка тартиби жана мөөнөттөрү белгиленген жоболорду кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 17-декабрында N 100 жарыяланды

2. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин шайланган Бишкек шаарынын мэри ал шайланган мөөнөт аяктаганга чейин өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууну уланта берет.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон чараларды көрсүн;

- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- "Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 16-апрелиндеги № 1492-XIIМыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1994-ж., № 6, 186-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 16-апрелиндеги № 1493- XIIМыйзамын колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1994-ж., № 6, 187-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 22-октябрындагы № 284 Мыйзамынын 4-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 9, 871-ст.).

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А.Атамбаев

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

2013-жылдын 31-октябрында