Иш-чаранын максаты “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын,  КР Президенти А.Ш.Атамбаевдин 2013-жылдын 1-июлундагы №155 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, тил маданиятынын деңгээлин жогорулатуу жана тилдер саясатын өркүндөтүү,   улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, кыргыз элинин руханий дөөлөттөрүн, каада –салттарын, үрп-адаттарын даңазалоо болуп саналат.