“Бишкек шаарынын мэриясынын  Ыкчам чараларды көрүү “185”  кызматы” 1987-жылы август айында Фрунзе шаардык кенешинин эл депутаттардын №66 21.01.1988 жылдагы чечими менен негизделген жана 005 кызматы деп аталган.
	
	Шаардык мэриясынын 1997-жылдын 3 мартындагы №83 токтомунун негизинде “Бишкек шаарынын мэриясынын Ыкчам чараларды көрүү “185” кызматы” мекемеси деп аталган.
	
	Мекеменин максаттары жана милдеттери:
	
	Ыкчам чара көрүү кызматынын негизги максаты жана милдети болуп авриялык кырдаалда жарандардын маселелерин күнү-түнү чечилишин камсыздоо болуп саналат.
	
	Жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында мекеме төмөндөгү иштерди жүзөгө ашырат:
	
	Шаардык нормалдуу жашоо шарттарынын камсыздалышы көз каранды болгон шаардын аймагына орундашкан бардык шаардык кызматтардын жана мекемелердин  өз ара аракеттенишин координациялоо.
	
	Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилигине шаардын бардык тармактарындагы (коммуналдык- турмуштук,турак-жай, укуктук, финансылык, социалдык, соода, байланыш, транспорт, саламаттыкты сактоо, агартуучулук, маданий, көрктөндүрүү) жашоо ишмердигинин чыныгы кырдаал туурасында билдирүү.
	
	Шаардык кызматтардын ыкчам түрдө өз ара аракеттенүүсүн жана шаардын калкы менен шаардык бийликтин байланышын жогорулатуу.
	
	Байланыш: Бишкек ш.Чуй пр-си 166
	Телефон: 61-34-95, 62-58-30, 1840, 185.
 
                    