Белгилей кетсек, 2013- жылы Свердлов району боюнча оор турмуштук кырдаалга кабылып, окубай, иштеп жүргөн балдар боюнча уюштурулган иш чаранын негизинде - 25 бала аныкталып, мектептерге жайгаштырылган.
Бул үй-бүлөлөр менен иштер жүргүзүлүп, материалдык, гуманитардык жардамдар көрсөтүлүп, юридикалык консультация берилди, ошондой эле документтештирилип, үй- бүлөнүн оор кырдаалдан чыгышына ар тараптуу көмөк көрсөтүлгөн.
Жыйынтыгында 3 бала мектепти ийгиликтүү аяктап, муниципалдык администрация тарабынан лицейлерге жайгаштырылды.
Мындан ары дагы Комиссиянын тапшырмасы менен райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы бул балдардын келечегин көзөмөлдөп турмакчы.