Опубликовано 17 апреля 2023 года
Муниципалдык администрациянын аппараты |
|
Юридикалык топтун башкы адиси-юристи кызмат ордуна
квалификациялык талаптар:
- 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жараны;
- соттуулугу жок;
- Кесиптик билим;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта иш стажы же административдик кызмат орундарынын тобун жана категориясын эсчке алуу менен адистиги боюнча иш стажы;
- Кесиптик компетенциясы;
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү чөйрөдөгү мыйзамдарды билүү:
Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:
Кыргыз Республикасынын Конститутциясын, Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»,«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамдарын, 2022-жылдын 8-апрелиндеги №207 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы, Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бишкек шаардык кеңештин чечимдерин, Биринчи май администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башка ченемдик укуктук актыларын, жобосун, ошондой эле бөлүмдүн жобосун жетекчиликке алат.
Бардык конкурсанттар үчун:
- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.
Ыктуулугу:
- документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
- аналитикалык документтерди даярдоо;
- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
- кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
- жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо;
- мамлекеттик жана расмий тилдердеги ишкердик кат алышууларды жүргүзүү;
- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
- эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
Көндүмдөр:
- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
- ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
- башкаруучулук чечимдери ыкчам жүзөгө ашыруу;
- компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продукттарды колдоно билүү.
Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериш керек:
Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн (У-Б)
Кесиптик билиминин деңгээли:
- жогорку юридикалык билим.
Иш тажрыйбасы:
- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Кесиптик компетенциясы:
Билим:
Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодекси, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», Тынч чогулуштар жөнүндө», «Сот аксакалдары жөнүндө», «Пробация жөнүндө» Мыйзамдары;
Конкурска катышуу үчүн төмөнкүлөрдү камсыз кылуу керек:
-документтерди кароо жана бош административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө конкурска киргизүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз;
- сүрөтү тиркелген белгиленген формадагы жекече толтурулган жана кол коюлган жеке баракчасы;
- таржымалы;
- өзү толтурган өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
- паспорттун көчүрмөсү (паспорттун түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
- талап кылынган кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын ырастоочу документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даражаны жана наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү, нотариус жана кадрларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн иштеген жери)
- сунуштоо каттары (каалоочу).
Документтерди кабыл алуу 2023-жылдын 17-апрелинен 28-апрелине чейин, саат 18.00гө чейин Бишкек ш., Жибек Жолу көчөсү №348 Муниципалдык администрация 2-кабат, 12 –кабинет, телефон 623103. иш көктөмөсүнө тиркеп, жекече берүү зарыл же “Конкурска” деген жазуусу бар конвертте почта аркылуу жөнөтүлүшү керек:
Толук маалымат сайта бар: www.meria.kg, www.mkk.gov.kg.
Эскертүү: Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкер мындан ары сынакка катышууга чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так болууга тийиш.