Байланыш номерлери 

0312-61-39-41, 0312 97-91-95 кошумча номери 0800

I. Жалпы жоболор

1. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук  аппаратынын транспорт жана муниципалдык мүлк бөлүмү (мындан ары - бөлүм) Бишкек  шаарынын мэриясынын (мындан ары - мэрия), Бишкек шаарынын мэринин (мындан ары -  мэр), Бишкек шаарынын биринчи вице-мэринин жана вице-мэрлеринин (мындан ары -  вице-мэрлер), Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисинин (мындан ары -  аппарат жетекчиси) ишин бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча  камсыздоочу Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын (мындан ары -  мэриянын аппараты) бөлүмү болуп саналат.

2. Бөлүм:

1) төмөндөгүлөрдү жетектейт:

- Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт  башкармалыгын;

- Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк  башкармалыгын;

- "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы"  муниципалдык ишканасын;

- "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык  ишканасын;

- "Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары"  муниципалдык ишканасын;

- "Бишкек жарнама" муниципалдык  ишканасын;

- "Бишкекнаабайкана" муниципалдык  ишканасын;

- Бишкек шаарынын мэриясынын мобилизациялык  резервдин материалдарын сактоо кызматын.

2) Бөлүм компетенциясына кирген маселелер боюнча  төмөндөгүлөр менен өз ара аракеттенүүнү камсыздайт:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Бишкек шаардык кеңештин аппараты,  министрликтер, ведомстволор, мамлекеттик комитеттер, агенттиктер, фонддор, эл  аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар жана фонддор;

- аппараттын бөлүмдөрү жана мэриянын түзүмдүк  бөлүмдөрү.

II. Бөлүмдүн милдеттери жана  функциялары

3. Бөлүмдүн милдеттери болуп төмөндөгүлөр  саналат:

1) Шаардык коомдук транспорттук тутумду  өнүктүрүүнү камсыздоо;

2) жол кыймылын жөнгө салуу каражаттарынын  иштешин камсыздоону контролдоо (светофордук объекттер);

3) мобилизациялык резерв, муниципалдык базарлар,  токтотмолор жана унаа туруктар маселелерин чечүү;

4) мүлккө муниципалдык менчикти укуктук жөнгө  салуу жана натыйжалуу пайдалануу, сырткы жарнама;

5) өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга көмөк  көрсөтүү.

4. Бөлүм төмөндөгүдөй функцияларды  аткарат:

1) шаардык коомдук транспорттун ишин  контролдоо;

2) муниципалдык мүлктү мөөнөттүү жана мөөнөтсүз  пайдаланууга берүү ишин координациялоо;

3) муниципалдык мүлктү натыйжалуу пайдаланууну  контролдоону камсыздоо;

4) Бишкек шаарынын аймагында токтотмо жана унаа  турук мейкиндиктерин өнүктүрүүнүн бирдиктүү стратегиясын түзүүнү жана ишке  ашырууну контролдоону жүзөгө ашыруу;

5) сырткы жарнаманы жайгаштыруу чөйрөсүндө  иштерди координациялоо;

6) Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын ишин  уюштуруу;

7) бөлүмдүн компетенциясына тийиштүү багыттар  боюнча концепциялардын, стратегиялардын жана тармактык программалардын  аткарылышын уюштуруу.