Байланыш номерлери
0312-61-02-82, 0312 97-91-95 кошумча номери 1016
I. Жалпы жоболор
1. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын шаардык турак жай-коммуналдык чарба бөлүмү (мындан ары - бөлүм) Бишкек шаарынын мэриясынын (мындан ары - мэрия), Бишкек шаарынын мэринин (мындан ары - мэр), Бишкек шаарынын биринчи вице-мэринин жана вице-мэрлеринин (мындан ары - вице-мэрлер), Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисинин (мындан ары - аппарат жетекчиси) ишин бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча камсыздоочу Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын (мындан ары - мэриянын аппараты) бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүм:
1) төмөндөгүлөрдү жетектейт:
- Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык чарба департаментин;
- Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясын;
- "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгын;
- "Бишкектеги аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги" муниципалдык ишканасын;
- "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасын;
- "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасын;
- "Шаардык сейил бактар" муниципалдык ишканасын;
- "Бишкексвет" муниципалдык ишканасын;
- "Тазалык" муниципалдык ишканасын;
- "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасын;
- "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасын;
- "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасын;
2) Бөлүм компетенциясына кирген маселелер боюнча төмөндөгүлөр менен өз ара аракеттенүүнү камсыздайт:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Бишкек шаардык кеңештин аппараты, министрликтер, ведомстволор, мамлекеттик комитеттер, агенттиктер, фонддор, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар жана фонддор;
- аппараттын бөлүмдөрү жана мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрү.
II. Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары
3. Бөлүмдүн милдети турак жай-коммуналдык чарбанын иштеши боюнча саясатты түзүүнү жана ишке ашырууну уюштуруу болуп саналат.
4. Бөлүм төмөндөгүдөй функцияларды аткарат:
1) шаарды от жагуу мезгилине даярдоону уюштуруу;
2) отун-энергетикалык комплекс тутумун натыйжалуу иштетүү жана өнүктүрүү жаатында пландарды аткарууга көмөк көрсөтүү;
3) шаардык аймакты көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык тазалоону жүзөгө ашыруу;
4) тышкы жарыктандырууну иштетүү;
5) автомобилдик жолдорду, тротуарларды капиталдык оңдоо жана эксплуатациялоо;
6) лифт чарбасынын ишин уюштуруу;
7) калкка аза кызматтарын көрсөтүү;
8) турак жайларды күтүү жана тейлөө боюнча ишти уюштурууга көмөк көрсөтүү.