Байланыш номерлери 

0312 97-91-95 кошумча номери 1013, 0312-61-36-92

I. Жалпы жоболор

1. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук  аппаратынын шаар куруу, архитектура жана жер маселелери боюнча бөлүмү (мындан  ары - бөлүм) Бишкек шаарынын мэриясынын (мындан ары - мэрия), Бишкек шаарынын  мэринин (мындан ары - мэр), Бишкек шаарынын биринчи вице-мэринин жана  вице-мэрлеринин (мындан ары - вице-мэрлер), Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат  жетекчисинин (мындан ары - аппарат жетекчиси) ишин бөлүмдүн компетенциясына  кирген маселелер боюнча камсыздоочу Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук  аппаратынын (мындан ары - мэриянын аппараты) бөлүмү болуп саналат.

2. Бөлүм:

1) төмөндөгүлөрдү жетектейт:

- Бишкек шаарынын мэриясынын Шаар куруу жана  архитектура департаментин;

- Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш  башкармалыгын;

- Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик  капиталдык курулуш башкармалыгын;

- Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар  башкармалыгын;

- Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана  курулуш башкармалыгын;

- "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык  ишканасын;

- "Жол сыноо лабораториясы" муниципалдык  ишканасын.

2) Бөлүм компетенциясына кирген маселелер боюнча  төмөндөгүлөр менен өз ара аракеттенүүнү камсыздайт:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Бишкек шаардык кеңештин аппараты,  министрликтер, ведомстволор, мамлекеттик комитеттер, агенттиктер, фонддор, эл  аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар жана фонддор;

- аппараттын бөлүмдөрү жана мэриянын түзүмдүк  бөлүмдөрү.

II. Бөлүмдүн милдеттери жана  функциялары

3. Бөлүмдүн милдеттери болуп төмөндөгүлөр  саналат:

1) муниципалдык жер ресурстарын натыйжалуу  башкарууну жана жер пайдаланууну камсыздоо;

2) шаар куруу жана архитектура, турак жай куруу,  Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо маселелери боюнча иштерди координациялоо,  мониторинг жүргүзүү жана талдоо;

3) Бишкек шаарынын коммуникацияларынын  инфратүзүмүн өнүктүрүү;

4) шаардык курулуш программаларын түзүү жана ишке  ашыруу, шаарда турак жана турак эмес объекттерди, социалдык жана өндүрүштүк  багыттагы объекттерди комплекстүү куруу жаатында бирдиктүү инвестициялык  саясатты жүргүзүү;

4. Бөлүм төмөндөгүдөй функцияларды  аткарат:

1) Бишкек шаарында жер мамилелеринин муниципалдык  саясатын ишке ашыруу;

2) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган  муниципалдык имараттарды жана жерлерди пайдалануу чөйрөсүндө муниципалдык  саясатты ишке ашыруу;

3) имараттарды жана курулмаларды реконструкциялоо  боюнча ишти уюштуруу;

4) шаарды куруу жана реконструкциялоо  концепциясын иштеп чыгуу боюнча ишти координациялоо;

5) шаардын муктаждыктары үчүн капиталдык курулуш  жана курулуш комплексинин иштешин камсыздоо үчүн товарларды жеткирүү жана  жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруу чөйрөсүндө шаардык инвестициялык  тапшырыкты түзүү;

6) шаар куруу документтерин (Бишкек шаарынын  Башкы планы, деталдуу пландоо долбоору, курулуш долбоору, жер пайдалануу жана  курулуш эрежелери) иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ишти  уюштуруу;

7) шаар курууну пландоо жана шаарды өнүктүрүү  стратегиясы боюнча ишти уюштуруу;

8) шаардын архитектуралык жана эстетикалык  көрүнүшүн өркүндөтүү боюнча ишти уюштуруу;

9) топонимика боюнча ишти уюштуруу.