Байланыш номерлери
0312-61-37-41, 0312 97-91-95 кошумча номери 1012
I. Жалпы жоболор
1. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын экономика жана финансы бөлүмү (мындан ары - бөлүм) Бишкек шаарынын мэриясынын (мындан ары - мэрия), Бишкек шаарынын мэринин (мындан ары - мэр), Бишкек шаарынын биринчи вице-мэринин жана вице-мэрлеринин (мындан ары - вице-мэрлер), Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисинин (мындан ары - аппарат жетекчиси) ишин бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча камсыздоочу Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын (мындан ары - мэриянын аппараты) бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүм:
1) төмөндөгүлөрдү жетектейт:
- Бишкек шаарынын мэриясынын Экономика жана инвестициялар департаментин;
- "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасын;
2) Бөлүм компетенциясына кирген маселелер боюнча төмөндөгүлөр менен өз ара аракеттенүүнү камсыздайт:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Бишкек шаардык кеңештин аппараты, министрликтер, ведомстволор, мамлекеттик комитеттер, агенттиктер, фонддор, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар жана фонддор;
- аппараттын бөлүмдөрү жана мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрү.
II. Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары
3. Бөлүмдүн милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат:
1) шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашырылышын камсыздоо;
2) Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетин түзүү жана аткарылышын камсыздоо;
3) Бишкек шаарынын аймагында экономикалык жана финансылык маселелерди чечүүдө мэриянын ишин камсыздоо;
4) Бишкек шаарынын мэриясынын санариптештирүү жана маалыматтык технологияларды өнүктүрүү жана ал тарабынан көрсөтүлгөн кызматтар боюнча маселелерди чечүү.
4. Бөлүм төмөндөгүдөй функцияларды аткарат:
1) Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу боюнча планды иштеп чыгуу жана аткарылышын контролдоо;
2) социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын долбоорлорун талкуулоо боюнча коомдук угууларды өткөрүүнү камсыздоо;
3) ыйгарым укуктардын чегинде мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолдорунун мониторинги;
4) жергиликтүү бюджетке салыктык жана салыктык эмес кирешелердин түшүүсүн контролдоону камсыздоо;
5) Бишкек шаардык кенештин чечими боюнча муниципалдык баалуу кагаздардын чыгарылышын ишке ашыруу;
6) Бишкек шаардык кеңештин чечими боюнча бюджеттик ссудаларды/кредиттерди берүүнү/тартууну ишке ашыруу;
7) бюджеттер арасындагы трансферттерди алуу зарылчылыгы жөнүндө бюджеттик табыштамаларды даярдоо, аларды максаттуу пайдалануунун натыйжалуулугун камсыздоо;
8) Бишкек шаардык кеңеш менен биргеликте жергиликтүү бюджеттин долбоорлору боюнча коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү;
9) Бишкек шаардык кеңештин кароосуна жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчёт берүү;
10) ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучулук таасирин талдоону жүргүзүү менен статистика, өнөр жай, ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү, инвестицияларды жана гранттарды, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү, өнүктүрүү фонду, камсыздандыруу төгүмдөрү, калктын миграциясы жана жумуштуулугу, соода, кызмат көрсөтүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, микрокредиттөө, методикалык жетектөө чөйрөсүндөгү маселелерди чечүүдө мэриянын ишин камсыздоо.