Байланыш номерлери
0312 62-58-34, 0312 97-91-95 кошумча номери 1014
I. Жалпы жоболор
1. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын социалдык бөлүмү (мындан ары - бөлүм) Бишкек шаарынын мэриясынын (мындан ары - мэрия), Бишкек шаарынын мэринин (мындан ары - мэр), Бишкек шаарынын биринчи вице-мэринин жана вице-мэрлеринин (мындан ары - вице-мэрлер), Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисинин (мындан ары - аппарат жетекчиси) ишин бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча камсыздоочу Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын (мындан ары - мэриянын аппараты) бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүм:
1) төмөндөгүлөрдү жетектейт:
- Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгын;
- Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгын;
- Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгын;
- Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгын;
- Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгын;
- Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүн;
2) Бөлүм компетенциясына кирген маселелер боюнча төмөндөгүлөр менен өз ара аракеттенүүнү камсыздайт:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Бишкек шаардык кеңештин аппараты, министрликтер, ведомстволор, мамлекеттик комитеттер, агенттиктер, фонддор, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар жана фонддор;
- аппараттын бөлүмдөрү жана мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрү.
II. Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары
3. Бөлүмдүн милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат:
1) социалдык чөйрөдө саясатты түзүүнү жана ишке ашырууну уюштуруу;
2) ырайым кылуу, пробация, терроризмди жана экстремизмди алдын алуу чөйрөсүндө мыйзамдардын ишке ашырылышын уюштуруу;
3) Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү камсыздоону контролдоо.
4. Бөлүм төмөндөгүдөй функцияларды аткарат:
1) калктын жеңилдиктерге ээ болгон жана жарды категорияларын даректүү социалдык коргоо тутумун түзүү;
2) медициналык жардам көрсөтүүнүн шаардык программаларын ишке ашыруу;
3) шаардын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгын камсыздоо боюнча ишти уюштуруу;
4) ветеринария чөйрөсүндө ишти уюштуруу;
5) жалпы орто жана мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө ишти уюштуруу;
6) маданият, искусство жана туризм жаатында шаардын саясатын жүзөгө ашыруу;
7) социалдык жардам, социалдык камсыздоону жана кайрымдуулукту өнүктүрүү, социалдык чөйрөнү башкаруу түзүмүн өркүндөтүү программаларын ишке ашыруу;
8) гендердик саясат, эне, бала, жаштар жана спорт чөйрөсүндө ишти уюштуруу;
9) өкмөттүк эмес уюмдар, коомдук бирикмелер, коомдук фонддор, балдар үйлөрү, карылар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн үйлөр ж.б., чыгармачыл бирликтер, кесиптик бирликтер менен өз ара аракеттенүү;
10) жумуштуулук, миграция, үй-бүлө жана турмуштун оор кырдаалына кабылган балдардын укуктарын коргоо чөйрөсүндө ишти уюштуруу;
11) социалдык чөйрөнүн ишканаларынын жана мекемелеринин финансылык камсыздоону контролдоо;
12) Бишкек шаарынын мэриясына жүктөлгөн мамлекеттик иш-чараларды жана шаардык иш-чараларды өткөрүүдө сценарийлерди иштеп чыгууну уюштуруу жана кызматтардын ишин координациялоо;
13) шаардык Ардагерлер кеңешинин ишин координациялоо;
14) билим берүү системасы аркылуу диний, билим берүү мекемелеринин ишине өз убагында таасир көрүүнү камсыздоо максатында административдик райондор боюнча мэриянын муниципалдык администрациялары менен биргелешип мониторинг жүргүзүү жана терроризмди жана экстремизмди алдын алуу максатында балдар жана жаштар арасында иш жүргүзүү.