I. Жалпы жоболор

1. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук  аппаратынын коомчулук менен байланыштар боюнча бөлүмү (мындан ары - бөлүм)  Бишкек шаарынын мэриясынын (мындан ары - мэрия), Бишкек шаарынын мэринин (мындан  ары - мэр), Бишкек шаарынын биринчи вице-мэринин жана вице-мэрлеринин (мындан  ары - вице-мэрлер), Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисинин (мындан ары  - аппарат жетекчиси) ишин бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча  камсыздоочу Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын (мындан ары -  мэриянын аппараты) бөлүмү болуп саналат.

2. Бөлүм компетенциясына кирген маселелер боюнча  төмөндөгүлөр менен өз ара аракеттенүүнү камсыздайт:

- мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн басма сөз  кызматтары;

- ЖМК, интернет басылмалары, социалдык  тармактар;

- коомдук жана эл аралык уюмдар;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Бишкек шаардык кеңештин аппараты,  министрликтер, ведомстволор, мамлекеттик комитеттер, агенттиктер, фонддор, эл  аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар жана фонддор;

- аппараттын бөлүмдөрү жана мэриянын түзүмдүк  бөлүмдөрү.

II. Бөлүмдүн милдеттери жана  функциялары

3. Бөлүмдүн милдеттери болуп төмөндөгүлөр  саналат:

1) өлкөнүн жарандарына мэриянын иши жөнүндө  маалымат берүү;

2) мэрдин, вице-мэрлердин, аппарат жетекчисинин  жалпыга маалымдоо каражаттары (мындан ары - ЖМК) менен байланыштарын  камсыздоо.

4. Бөлүм төмөндөгүдөй функцияларды ишке  ашырат:

1) ЖМК, интернет басылмаларына, социалдык  тармактарга мэриянын иши жөнүндө маалыматтарды берүү, мэриянын ишинин ар кандай  маселелери, мэриянын кабыл алган чечимдери жөнүндө ЖМК, интернет басылмалары,  социалдык тармактар аркылуу калкка маалымат-түшүндүрүү иштерин уюштуруу жана  жүргүзүү;

2) мэриянын ишине байланышкан расмий  билдирүүлөрдү, пресс-релиздерди, маалыматтык бюллетендерди, материалдарды,  видео, фото жана аудиоматериалдарды даярдоо жана ЖМКга жайылтуу;

3) мэриянын ишин калыс чагылдыруу максатында  мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле башка маалыматтык  кызматтар жана уюмдар менен координациялык иштерди жүргүзүү;

4) басма жана электрондук ЖМКларга, интернет  басылмаларына, социалдык тармактарга мониторинг жана талдоо жүргүзүү, мэриянын  иши жөнүндө ЖМКнын позициясы тууралуу мэриянын жетекчилигине ыкчам маалымат  берүү;

5) мэриянын жетекчилигинин жолугушууларын,  сүйлөөчү сөздөрүн, ошондой эле алардын катышуусундагы башка иш-чараларды  маалыматтык камсыздоону уюштуруу;

6) мэриянын жетекчилигинин катышуусундагы  брифинг, пресс-конференцияларды жана интервьюларды уюштуруу;

7) мэриянын иши жөнүндө жыйынтыктуу  пресс-релиздерди даярдоо жана мэриянын расмий сайтына мамлекеттик жана расмий  тилдерде жайгаштыруу жана таратуу;

8) мэриянын расмий сайтын үзгүлтүксүз маалыматтык  камсыздоо;

9) мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн демилгелерин  алга жылдыруу боюнча жарандык коомчулук менен өз ара аракеттенүүнү  камсыздоо.