«Орто-Алыш» суу алгычында «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын жылдык планынын алкагында Камышовое жана Тополиное баш болгон суу толтуруучу көлдөрдү тазалоо иштери ийгиликтүү аяктады.

Үчүнчү Карьерное көлүн тазалоого киришкен адистер көлдүн түбүндөгү  ылай калдыктарын тазалап, суу сактагычтын жээгин тазалоого киришти.

Белгилей кетсек, тазаланган көлдөр ысык мезгилде экологиялык туруктуулукту жана статикалык деңгээлди сактоодо маанилүү роль ойнойт. Бул кадам суунун сапатын гана жакшыртпастан, жайкы мезгилде суу менен камсыз кылуу үчүн дагы жагымдуу шарттарды түзүүгө жардам берет.