Салтанаттуу иш-чарага муниципалдык администрациянын аппаратынын, ошондой эле, шаардык жана райондук кызматтардын кызматкерлери катышышты.
Иш-чарада Ленин райондук администрациясынын башчысы Нурдин Тынаев мамлекеттик туу күнү менен куттуктады. Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин КРнын гимнинин коштоосунда мамлекеттик туу көтөрүлдү.