Октябрь райондук администрациясынын башчысы Ренат Айтымбетов балдардын машыктыруучуларына жана ата-энелерине ыраазычылык билдирди.
Мелдеш 2018-жылдын 3 жана 4-мартында өткөрүлүп, Бишкек жана Нарын шаарларынын командалары катышты.
Спорттук мелдештин жыйынтыгы боюнча 1-орунду шаардын «Бишкек» командасы, 2-орунду Нарын шаарынын «Нарын бүркүттөрү» командасы жана 3-орунду Нарын шаарынын «Кеӊеш учкучтары» командасы багындырды.
Катышуучуларды сыйлоо аземине Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы Алмаз Кененбаев жана Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты Эльмир Досалиев катышты.
Аталган спорттук иш-чара спорттун кышкы түрлөрү жайылтуу жана жаштарды сергек жашоого үндөө максатында өттү.