Аталган окуу-семинар МАБдын кызматкерлеринин билимин жогорулатуу максатында жана үй комитеттеринин ыйгарым укуктарынын 2 жылдык мөөнөтүнүн аяктагандыгына байланыштуу уюштурулду.  

Окуу-семинардын жүрүшүндө квартал, үй комитеттер жана ТЖЭШтер арасында отчеттук - кайра шайлоо жыйындарын укуктук-ченемдик актылардын негизинде  өткөрүүнүн тартиби талкууланды.

Мындан тышкары, муниципалдык администрациянын жана МАБ кызматкерлеринин ортосунда тажрыйба алмашуу иштери жүргүзүлүп, слайд көрсөтүү менен зарыл болгон иш материалдар (үлгү документтер), укуктук-ченемдик актылар таратылды.