Семинарда мектептин математика, физика жана информатика сабактарынын мугалимдери жаӊы инновациялык ыкмалар менен ар кандай темадагы ачык сабактар өтүштү. Ошондой эле, информатика сабагынын мугалими Муканбетова Г.Б. жаӊы  «Socrative” программасы менен окуучулар арасында кандай иштеп жаткандыгын мугалимдерге тааныштырды.

Аталган семинарда окуучулар жаӊы программанын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат жана кызыккан суроолоруна жоопторду алышып, өз пикирлерин билдиришти.