Иш-чарага №68 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучулары жана И.Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин студенттери катышты.
Катышуучулар Чыӊгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн», «Саманчынын жолу» жана башка чыгармаларынан көркөм окуп беришти.
Иш-чаранын соӊунда сөзү Ч. Айтматовго жана обону М.Бегалиевге таандык «Ысык-Көлдү сагынуу» ырын аткарышты.
Аталган иш-чара өсүп келе жаткан муундарга улуу жазуучуну таанытуу жана окурмандарды китепканага тартуу максатында өттү. Иш-чараны Бишкек шаарынын Борборлоштурулган китепканалар тармагы уюштурду.