Биринчи кичи-футбол боюнча мелдеш башталып, ар бир мектептин базасында дем алыш күндөрү өткөрүлүүдө.


Жакынкы күндөр окуучулар спорттун башка түрлөрү боюнча жабык имараттарда мелдештерин улантышат. Мектеп лигасы жалпысынан спорттун 15 түрү боюнча: футбол, баскетбол, волейбол, бука тартыш, стол тенниси, ордо, шахмат, шашки, дартс, тогуз коргоол, жеӊил атлетика, гандбол, аркан тартыш, спорттун прикладдык түрлөрү жана сууда сүзүү  өткөрүлүп, 2018-жылдын май айында жыйынтыкталат.