Оңдоо иштерине байланыштуу төмөнкү көчөлөр жабылды:


- Саадаев көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин. Узундугу 02 км, туурасы 12 метр. Болжолдуу маалымат боюнча, оңдоо иштерин үстүбүздөгү жылы 30-июнга бүткөрүү пландалууда.
- Щербаков көчөсү Махатма Ганди көчөсүнөн Бакинск көчөсүнө чейин. Узундугу 3,23 км, туурасы 11 метр. Оңдоо иштерин бүткөрүү 18-августка пландалууда.


Ошондой эле, жакын арада төмөнкү көчөлөрдү калыбына келтирүү иштери башталат:


Достоевский көчөсү Анкара көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;


Токомбаев көчөсү 12-кичирайондон Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин;


Профсоюзный көчөсү Фучик көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейин;


Л.Толстой көчөсү Шабдан Баатыр көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин;


Көлбаев көчөсз Лермантов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин;


Гагарин көчөсү Тагай Бий көчөсүнөн “Ак-Ордо” конушундагы Айбийке көчөсүнө чейин;


Жамгерчинов көчөсү Интергельпо көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейин.


Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала жол тандап алууларын суранат.

Маалымат үчүн: капиталдык курулуш башкармалыгынын маалымат боюнча шаардагы жолдорду оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин “Көчө-жол тармагын өнүктүрүү”долбоорун ишке ашыруунун алкагында Кытай Элдик Республикасынын өкмөтү тарабынан берилген кытай грантынын каражатынын эсебинен жүргүзүү пландалууда.


Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы - Эшенбаев Нурлан Саматович (31-80-06), Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы - Өмүрканов Сталбек Калыкович (35-30-11). Муниципалдык менчик жана шаар куруу бөлүмүнүн башчсы - Чолпонбаев Болот Чолпонбаевич (61-36-92).