«Түндүк» суу алгычын оӊдоо-профилактикалык иштерин жүргүзүүгө байланыштуу Күрөӊкеев, Абдрахманов, Элебесов, Саадаев көчөлөрүндө, «Ала-Арча» суусунда, ошондой эле «Красный строитель», «Көлмө», «Ак-Тилек», “Алтын-Бешик”, “Саламалик” конуштарындагы мекеме жана уюмдарда таза суу берилбейт. Анын ичинде: №№18, 33, 35 орто мектептеринде, Панфилов көчөсү боюнча №12 бала бакчада, Пакистан элчилигинде, Васильев көчөсү боюнча «Бишкекжылуулуккоммуноэнерго» буу казанында, Жаш Гвардия, Урицкий көчөлөрүндө, Краснодонцев көчөсү №24 дарегиндеги улуттук гвардиянын башкы штабында, «Электросила» ЖЧКсында, шаардык кургак учукка каршы ооруканасында, В/ч 41069 аскердик комиссариатында, КР биотехнология институтунда, «Химиялык  заводдо»,  «Бишкексууканалдын» автобазасында, Фере көчөсүндөгү  «Бишкектурбазасы» туркомплексинде суу токтотулат.


«Бишкексууканал» башкармалыгы ыӊгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана мекеме, уюмдарды жана шаар тургундарын таза суу камдап алуусун суранат.


«Бишкексууканал» башкармалыгынын башчысы - Асылбек Исаев. Телефон: 56-17-42,56-16-55.