Спорттук оюндар боюнча адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик спорттук мектебинин командасы өспүрүмдөр арасында волейбол боюнча Республикалык мелдеште жеӊишке жетишишти. Мелдеш эмгек сиӊирген машыктыруучу Иван Ситниковдун жаркын элесине арналды.


Мелдеш 2017-жылдын 21-февралынан 25-февралына чейин Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорттук залында өткөрүлдү.


Аталган спорттук мелдешке Токомок, Кара-Балта, Беловодский жана Андрей Анкудинов жетектеген СДЮШОР командалары  катышты.


Байгелүү орундарды алган командаларга диплом жана баалуу белектер тапшырылды.


Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы - Мааткабылов Ырыбек Шаршенбаевич (44-29-51).