Азыркы учурда авариялык абалдагы бактарды алуу  иштери Чокморов-Турусбеков, Элебаев, Москва, Жибек-Жолу жана башка көчөлөрдө жүргүзүлүүдө. Ишкананын кызматкерлери санитардык кыркуу иштерин Медеров, Ташкент, Жаш Гвардия, Логвиненко, Бөкөнбаев көчөлөрүндө, Чыгыш-5 кичи районунда өткөрүүдө. Аталган багыттагы иштер улантылат. Кургап, коопту абалда турган, 30 жылдан ашык жашаган жана зыянкечтер байырлап чирип кеткендигине байланыштуу алынууда.


Мындан тышкары ишкананын кызматкерлери Чыгыш ЧЧК түштүк тарабынын Лермонтов көчөсүнөн Буденный көчөсүнө чейин КДТ ачуу жана тазалоо иштерин жүргүзүүдө.


«Жашылдандыруу курулуш» МИ башчысы - Элгондиев Токтобек Абдыкеримович (37-53-30).


Башкы агроном - Сергей Кравер (37-47-06).