Мурда Сыдыков көчөсү 207 дарегинин жашоочуларынын бир нече жолку арыздарынын негизинде Ленин райондук администрациясы тарабынан тосмо алынган. Жакында муниципалдык администрациянын эскертүүсүн эске албастан белгисиз адамдар тарабынан мурда алынган тосмо кайрадан калыбына келтирилип, муниципалдык жердин эсебинен кеӊейтилип алынгандыгы аныкталды.


Муниципалдык администрация Бишкек шаарынын жашоочуларын мыйзамсыз жерди басып алгандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартыларын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде чаралар көрүлөрүн эскертет. Учурда аталган багыттагы иштер улантылууда.