Мелдеш жалпы билим берүү уюмдарынан мыкты командаларды аныктоо, окуучуларды сергек жашоого үндөө, дене тарбия жана спортту жайылтуу максатында өткөрүлдү.


Аталган спорттук мелдешти Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы  уюштуруп, мелдешке 16 командадан 100 дөн ашык спортчу катышты.


Мелдештин жыйынтыгы менен биринчи орунду - №16 орто мектеп, экинчи орунду - №11 орто мектеп жана үчүнчү орунду - №31 орто мектеп алды.


Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Ырысбек Мааткабылов. Телефон: 0312 44-29-33; 0555 16-50-50.