Шаардык маалыматтык кызмат шаар тургундарына Бишкек шаарындагы жаӊы жылдык иш-чаралардын өтүп жаткан жерлерин көрсөтүп берет.


Афиша өтүп жаткан жаӊы жылдык иш-чаралардын убактысын жана жерин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.


«Ала-Тоо» борбордук аянты жаӊы жылдык иш-чаралардын аянты болуп саналат. 31-декабрда саат 12:00дон баштап элдик эс алуулар, кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программалар тартууланат. Ал эми түн жарымында майрамдык жаӊы жылдык фейрверк көрсөтүлөт.