Келе жаткан Жаӊы жыл менен башкармалыктын башчысы Ырысбек Мааткабылов куттуктап, бекем ден соолук, окууларында жана спортто ийгиликтерди каалады.


«Урматтуу балдар! Сиздерди келе жаткан жаӊы жылыӊыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Сиздердин бардык кыялыӊыздар орундалсын. Окууларыӊарга ийгиликтерди каалайм. Ар бириӊиздердин ата-энеӊиздер сиздер менен сыймыктансын»,-деди Ырысбек Мааткабылов.


Балдар үчүн бий топторунун катышуусунда жаӊы жылдык концерт тартууланып, кызыктуу оюндар өткөрүлдү. Кичинекей бөбөктөр Аяз ата, Аяз кыз менен биргеликте балатынын жандырып, балатыны айланып ыр ырдашты. Ошондой эле балдарга таттуу белектер таратылды.