Иш-чаранын максаты кыргыз элинде унутта калып бара жаткан чечен, ойчул, олуя адамдарды жаштарга кенири жайылтуу  жана окурмандарды китепканага тартуу болуп саналат.     


Куйручук кыргыздын оозеки чыгармаларын, улама сөздөрүн, санжырасын көп билген, жаакта жок чечен болгон. Карыпка кайрымдуу, бечарага бел болгон, карапайым элдин кызыкчылыгын көздөгөн. Анын чукугандай таамай айтылган курч сөздөрү, күлкүлүү жоруктары эл арасында ылакап катары айтылып келет.