Иш-чарада “Жаш манасчы” жана “Үйрөнчүк манасчы” сынактарынын жыйынтыктары чыгарылды. Сынактарга шаардык балдар бакчаларынын тарбиялануучулары, мектеп окуучулары жана мекеме-уюмдардын кызматкерлери катышты.


“Жаш манасчы” сынагында № 172  (Саламатов Амир), № 186 (Абдубаитова Амина) балдар бакчаларынын тарбиялануучулары жана № 38 (Бактыбек уулу Белек), № 59 (Майрамбек уулу Калыбек), № 88 (Сапарбек уулу Баяман), № 77 (Калдар кызы Камила) жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары алдыңкы орундарга ээ болушту.


Ошондой эле №№ 83, 15, 69, 1, 63, 76, 8, 38, 93, 88, 17 жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары сынакка жигердүү катышып, өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтө алышты.


 “Үйрөнчүк манасчы” сынагында №38 МГнын окутуучусу Талантбек уулу Нурбек,  № 64 МГнын мугалими Анарбекова Салтанат жана Биринчи май районунун № 16 МАБынын кызматкери Белеков Мелис Белекович алдыңкы орундарга ээ болушту.


Бардык катышуучуларга грамоталар жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.