Бишкек шаарынын мэриясынын маданият жана туризм башкармалыгы «Ретро FM» радиостанциясы менен биргеликте кызыктуу концерттик программа даярдашты.


Балатыны жандыруу иш-чарасына байланыштуу саат 18:00дон 21:00го чейин Чүй проспектиси Эркиндик бульварынан Орозбеков көчөсүнө чейин унаа кыймылы үчүн жабылат.


Шаардык муниципалитет автоунаа сүйүүчүлөрүн унааларын чектелген аймактан тышкары токтотууну суранат жана көрүлгөн коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууларын өтүнөт.