Мелдешке 17 жашка чейинки Кыргызстан жана Казакстандын спрортчулары катышты.


Спорттук мелдештин жыйынтыгы боюнча мэрдин кубогун Бишкек шаарынын Адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик спорттук мектебинин спорттук оюндар шаардык командасы жеӊип алды. Экинчи орунду Кыргызстандын Республикалык адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик спорттук мектеби жана  үчүнчү орунду Алматы шаарынын спорттук интернаты багындырды.


Аталган иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан уюштурулду.