Фестивалдын аталышы «Балалык жана Кичинекей ханзаада» аталып, балдардын өнүгүшүнө жана азыркы балдар адабиятына коомчулуктун көңүлүн бурдуруп,  ошондой эле балдар адабиятын жана көркөм чыгармачылыгын жайлытууга багытталат.


Иш-чарада балдар үчүн жабыштырып жасоо, каллиграфия боюнча мастер-класстар өткөрүлөт. Мындан тышкары, бардык каалоочулар «Кичинекей ханзаада» аталыштагы фотосессияга катышат алышат.


Ошондой эле буккроссинг (китеп алмашуу) акциясы өткөрүлөт. Акцияга катышууу үчүн катышуучулар мурда окуган китептерин алып келүүлөрү керек.


Иш-чараны «Шаардык демилге» коомдук фонду жана Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгына караштуу Борборлоштурулган китепканалар тармагы уюштурууда.


Бишкек шаарынын мэриясы калаанын кичинекей тургундарын жана алардын ата-энелерин фестивалга катышууга чакырат. Кирүү акысыз.


Сурап-билүү телефону: : 0 551 680 864 - Атай Самыйбек, 0550 122 989 - Данияр Дадыбаев.