Иш-чарада дүлөй жана көзү азиз балдар үчүн республикалык мектеп-интернатынын жана дүлөй балдар үчүн мектеп-интернатынын талантуу балдары өздөрүнүн таланттарын көрсөтүштү.


Фестивалдын башкы максаты – ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин көйгөйлөрүнө коомдун көңүлүн бурдуруу болуп саналат.


Фестиваль 7 номинацияда: вокал, хор ырдоо, көркөм окуу, музыкалык аспаптарда ойноо, мода көрсөтүү, пантомима же болбосо драматикалык жанр жана бий (жеке жана топ менен) өтүүдө. Кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмөдө кагаздан, жыгачтан, кийизден, ж.б. нерселерден жасалган буюмдар көрсөтүлөт.


I, II, III орундарды алгандар диплом, грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат. Жеңүүчүлөрдү жана лауреаттарды сыйлоо жана гала-концерт 2016-жылдын декабрь айында өткөрүлөт.


Аталган фестиваль Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгы тарабынан уюштурулууда.