Текшерүүнүн жүрүшүндө Осмонкул көчөсү, 194 дарегинде жайгашкан «VESTEL»  ЖЧКсынын жана «Чыгыш-5» кичи районунун №32 үйүнүн жер төлө жайынын  кызматкерлери тарабынан таштандылар башаламан ташталып, айланалары антисанитардык абалга жеткендиги жана Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелери бузулгандыгы аныкталды.


Текшерүүнүн жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан «VESTEL» ЖЧКсынын директору Алтыншаин К жана төлө жайынын  ээси Бакиров К. атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, райондук административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.