Бишкек шаарында №69 окуу-тарбия комплексинин базасында Кыргыз Республикасынын баңгизатка каршы программасын ишке ашыруу боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү боюнча тегерек стол өткөрүлдү.

Ага мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, БШКнын социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Светлана Кенжебаева, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү боюнча ведомстволор аралык аракеттенүүнүн катышуучулары, КР ИИМ жашы жете электердин жана жаштардын арасында психоактивдүү заттар, балдардын коопсуздугун, өмүрүн жана ден соолугун коргоону камсыз кылуу,  Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматтарынын, коомдук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык психиатрия жана наркология борборунун жашы жете электерге медициналык-психологиялык жардам көрсөтүү, райондук билим берүү мекемелеринин директорлору, Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин директорлору, социалдык педагогдор жана мектеп психологдору катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө балдар жана жаштар үчүн баңгисиз коомду түзүү боюнча көйгөйлөр, чечүү жолдору жана милдеттери талкууланды.

Жашы жете электерге баңги каражаттарын, психоактивдүү заттарды жана синтетикалык баңги заттарды таратууга каршы күрөшүү боюнча «Коргоо жана жардам» ыкчам аракеттенүү алгоритмин жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоонун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо, балдардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, коомдо коопсуз мейкиндикти түзүү жана камсыз кылуу, баңгичиликтин, «аптекалык көз карандылыктын» алдын алуу жана жаштарды баңги кылмыштуулукка тартуунун алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү;
- укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн жана медицина кызматкерлеринин катышуусу менен мектеп окуучулары менен сергек жашоо образы боюнча биргелешкен профилактикалык иш-чаралардын графигин иштеп чыгуу;
- баңги каражаттарын, психоактивдүү заттарды, синтетикалык баңги заттарды колдонуунун зыяндуулугу жана тыюу салуусу жана аптекалык баңгичиликтин көйгөйү жана жашы жете электердин баңги заттарды таратууга тартылышы жөнүндө калкка маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын активдештирүү;
- мектептин ата-энелер жамааты менен өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү, ата-энелерге балдардын сабактан тышкаркы жана майрам күндөрү, ошондой эле түнкү мезгилдеги коопсуздугу үчүн жоопкерчилигин түшүндүрүү.

Иш-чаралар «Жаштар арасында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды  мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы К.К.Ташиевдин тапшырмасынын алкагында жүргүзүлдү.