Бүгүн, 7-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы массалык иш-чаранын жүрүшүндө жүк ташуучу унаадан жабыркаган балдарды барып көрүштү. Учурда балдар шаардык медициналык тез жардам клиникалык балдар ооруканасында (3-балдар ооруканасы) дарыланууда.

Дарыгерлер ооруканада жаткан ар бир баланы дарылоо тууралуу айтып беришти.

Дарыгерлердин айтымында, балдардын абалы жакшырууда. Зарыл болсо, балдардын ден соолугун толук калыбына келтирүү үчүн кайталап тесттер өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, жабыркаган ар бир балага дарылоо жана реабилитациялоо үчүн Бишкек шаарынын мэринин резервдик фондунан 50 миң сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүндү.