Бишкек шаарында БЖАИ МИге тиешелүү “ZHONG TOHG” үлгүсүндөгү мамлекеттик номер 01 KG710 № 40 автобустун айдоочусу троллейбус линиясынын таяныч мамысын сүзгөн.

Жол кырсыгы бүгүн, 2024-жыл 7-майда болжол менен саат 9:45 чамасында Дэн Сяопин проспектиси менен Алыкулов көчөсүнүн кесилишинде болгон.  

Ыкчам маалымат боюнча айдоочу К.Өмүралиев ден соолугунун кескин начарлашынан улам жолдон чыгып, жол кырсыгына кабылган.

Айдоочудан тышкары, жүргүнчүлөрдөн 3 адам жабыркаган. Алар дарыгерлердин кароосунан өтүп, амбулатордук дарыланууда.

Троллейбус линиясынын таяныч мамысынын бузулушуна байланыштуу 14-троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү.

Белгилей кетсек, кыймыл "Жал" кичи районунан Фрунзе заводуна чейин жүргүзүлөт. Иш аяктагандан кийин Маршрут улантылат.

Урматтуу шаар тургундары жана меймандары! Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жүргүнчүлөрдөн өзгөрүүлөрдү эске алуу менен сапарларын алдын ала пландаштырууну суранат.