Боордош көрүстөнүндө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган митинг-реквием  өттү.

Иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Биринчи май районунун башчысы Сарылбек уулу Улан, социалдык маселелер боюнча башчынын орун басары Айнура Арстамбекова, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Маркил Ибраев жана райондук социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Рэйна Султанмуратова катышты.

Иш-чарада  катышуучулар курман болгон жоокерлерди бир мүнөт унчукпай эскеришти жана  жоокерлердин эстелигине гүл коюшту.

Митинг-реквием эскерүүнүн жана урматтоонун символу гана болбостон, Мекенибиз үчүн күрөшкөндөрдүн курмандыгын кайра эстеп, баалоого мүмкүнчүлүк да болду. Алардын эрдиги ар бирибиздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталып, тынчтыктын маанилүүлүгүн эскертип турат.