Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын фонтандарын ишке киргизди.

Буга чейин мэр Айбек Джунушалиев “Тазалык” ишканасына фонтандарды 2024-жылдын 1-майында ишке киргизүү тапшырмасын койгон.

Белгилей кетсек, Ала - Тоо аянтындагы реконструкцияга байланыштуу аянттагы фонтан комплекстери ишке киргизилген жок.