Шаардык кызматтар диагоналдуу   өтмөктүн чийиндерин түшүрүштү.

Бул долбоор өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана жол кыймылынын жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында пилоттук режимде ишке ашырылууда.

Буга чейин Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде диагоналдуу өтмөк пайда болгон.

Жакынкы аралыкта аны Чүй проспектиси менен Бейшеналиева көчөсүнүн кесилишинде колдонуу пландалууда.

Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктүн бул түрүнүн башкалардан негизги айырмалоочу өзгөчөлүгү кесилиште бардык транспорттук кыймылдын убактылуу токтоп турушу жана бардык жөө жүргүнчүлөрдүн кесилиштен бир убакта бардык багыттар боюнча, анын ичинде диагоналдуу жол менен өтүү мүмкүнчүлүгү болуп саналат.