Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда кырдаал борбору жайгашкан «Бишкекавтобекети» муниципалдык ишканасына көчмө жыйын өттү.

Кырдаал борбордун кызматкерлери шаардагы тыгындарды азайтуу максатында 21 кесилишке орнотулган автотранспорттук системанын иштешин көрсөтүп, анын бүгүнкү күндөгү жыйынтыктарына токтолушту.

Жолугушууда борбор калаанын көчөлөрүндөгү жол кыймылынын агымынын негизинде жол чырактарды автоматташтырылган жол башкаруу системасы аркылуу жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.


«Бишкекавтобекети» МИсинин толук кандуу иштеши үчүн Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине тиешелүү кызматтар менен биргеликте төмөнкүлөр тапшырылды:
- Бишкекке чыгыш тараптан кирген каттамдарды бөлүштүрүү;
- автобекеттин аймагында тартипти калыбына келтирүү;
- аймактардын жашоочулары автобекеттен  шаардын каалаган пунктуна коомдук транспорт менен бара тургандай шарттарды түзүү.